Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кварц кумуна кээ бир башка заттарды кошуп эритүү жана химиялык жол менен иштетүүнүн натыйжасында алынган тунук материал. Айнек заводу. Ошол материалдан жасалган ар кандай башка буюмдар же ушул эле материалдын терезеге ж.б. колдонулуучу жука, жазы тилкеси. Терезенин төрт көзүнүн тең айнектери бүтүн (Сыдыкбеков). Жылтыраган айнек жок, Караңгы тамда жатамын (Токтогул). 2. диал. Күзгү. 3. өт. Чолпонум, тунугум, асылым деген маанилерде эпитет катарында колдонулат. Баатырдан калган белегим, Төрөмдөн калган айнегим («Сейтек»). Айнегим Топчу эрмегим, Аманын атаң көрбөдүң (Токтогул). 4. сүйл. Шише, шише идиш, ар кандай шише буюмдар. Балдан тарткан киричмесин айнек аягына куят (Сыдыкбеков).