Киргизско-русский словарь Юдахина
айык I
южн.
то же, что аюу.
айык- II
выздоравливать, поправляться; заживать (о ране);
айыгып калды он выздоровел, поправился;
айыгар оорунун дарысы өзү табылат погов. лекарство от болезни, которая должна пройти, само находится;
ооруну сураса - айыкканчалык (или айыкканга тете, или айыкканга эсе) погов. навестить больного - равно (его) выздоровлению (у больного поднимется настроение).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Оорусунан сакаюу» деген маанидеги сөз ай+ык деген морфемалардан куралган. Анын ай деген уңгусу алгачкы саг «соо, сак» сөзүнүн башкы с тыбышы түшкөн түрү болуп эсептелет. Ошол сөзгө этиш жасоочу -ык мүчөсү жалганып, сагык түрүнөн агык-->айык болуп өзгөрүп, айык сөзү келип чыккан. Ал үчүн г тыбышы й тыбышына өткөн. Айык сөзү башка түрк тилдеринде «ачыл» (күнгө карата), «эсине келүү» деген мааниде да айтылат (Севортян, 113). Кыргыз тилинде андай маанилери өнүккөн эмес, «сакаюу», «жакшы болуу» маанисинде гана колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сакаюу, оорудан сакаюу, оңолуу; илдет кетип, ден соолуктун жакшырган абалы. Ооруну сураса, айыкканга тете (макал). Айыгасың, семиресиң, күч аласың, ал жерде жайдын күнү бир ай жатсаң (Шүкүрбеков). Аз күндө айыгып бул жараат Калыбыма келермин («Эр Табылды»). Эшен, кожо чогулуп Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Кабар күтүп, айыгат деп кубанып, Тилек кылып, Кудай-таалам суранып (Акматалиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
айык этишинин аркылуу мамилеси. Аба жуттум, кымыз ичтим, эс алдым, Айыктырды оң санымдын жарасын (Үмөталиев). Айыктырып аларга Таппады Аккан айланы («Курманбек»). Өңкөй карып сени багып Ушул доктур айыктырган жараңдан (Элебаев).