аймак I 1. страна, край, территория; колхоздун бүтүн аймагын кайтарган киши человек, охраняющий всю территорию колхоза; аймак таануу уст. краеведение; аймак таануучу уст. краевед; 2. население одного аймак'а; айыл-аймак то же, чтоайыл-апа (см.апа I 5, убар). аймак II украшение на шапке; алтын аймак чакмак бөрүк шапка, богато украшенная золотым аймак'ом.
зат.1. Жер, территория, өлкө. Гүлдөтөлү колхоздун Күндөн күнгө аймагын (Осмонкул). Келечегиң дагы кең, Өсө бер Совет аймагы (Үсөнбаев).
2. Айлана, бир нерсенин жаны, тегереги. Партиябыз түрдүү улуттун баарысын, Бир кишидей аймагына топтогон (Осмонкул).
1. Белгилүү бир территория, кандайдыр бир өлкөгө, административдик территориялык бөлүнүшкө караштуу жер. Танабай бул аймактын коён жатагына чейин билет, адаша койбос, ат чыдаса болду (Айтматов). Биздин районубуз республиканын борборунан ыраак жайгашкан тоолуу аймактын бири («Советтик Кыргызстан»). 2. Белгилүү бир чөйрө, бир нерсенин айланасы, айлана-чөйрөсү, тегереги. Жалгыз калар мен белем, Аймагымдан айрылып («Эр Табылды»). 3. Эл-журт. Алты миң түтүн катаган, Ат-Башы, Нарын жерине, Аймагы менен бүт консо («Эр Табылды»).
1. Жер таануу, өз өлкөсүн кыдырып, анын географиялык ж.б. шарттарын үйрөнүү; 2. Өз өлкөсүн, анын жаратылышын, географиялык абалын, тарыхын үйрөтө турган илим. Аймак таануудан сынак болбойт экен.
АЙМАКТАРДЫ БЕЙТАРАПТАШТЫРУУ – белгилүү бир аймактарда (мейкиндиктерде) согуш жүргүзүүгө жана аларды согуш аткарымдары үчүн база катары пайдаланууга келишимдүү тыюу салуу. А. б. максаты – ал аймакты согуш аракеттеринин майданынан чыгарып салуу. Антарктика А. б. мисалы болуп саналат.
area chart (noun)
A type of chart that displays the trend of values over time or categories. By displaying the sum of the plotted values, an area chart also shows the relationship of parts to a whole.
АЙМАКТЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички актылардын негизинде, белгилүү бир аймактагы аскердик чептер менен чыңдоолорду жоюу, анда аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салуу (көбүнесе аймактык талаш-тартыштарды токтотуу максатында). Антарктика, Аланд архипелагы, Шпицберген, Ай толугу менен, ал эми Африка, Латын Америкасы ж. б. жарым-жартылай аскерлешүүдөн арылтылган. Көп учурларда А. а. а-ну согуш майданы катары кодонуудан баштарткан бейтарапташтыруу да коштоп жүрөт.
region selection (noun)
A selection technique that involves dragging out a bounding outline (also referred to as a marquee) to define the selected objects.
АЙМАКТЫК БАШКАЛКА – мамлекеттин өз аймагында саясий жүйө боюнча куугунтукка алынган кайсы бир адамдын жашырынуусуна мүмкүнчүлүк берүүсү.А. б-ны башка саясий башкалка берүү түрүнөн – дипломатиялык башкалкадан айырмалай билүү керек.
АЙМАКТЫК ДЕҢИЗ (аймактык суулар) – жээкти бойлой, ошондой эле ички суулардын чектеринен сырткары (архипелаг мамлекетте –архипелаг сууларынын тышкары) жайгашкан деңиз алкагы. Белгилүү кеңдиктеги бул деңиз алкагына жээктеги мамлекеттин эгемендиги жайылтылат. А. д-дин сырткы чеги жээктеги мамлекеттин деңиз чегарасы болуп саналат. Азыркы убакта деңиз мамлекеттеринин (130) көпчүлүгү А. д-дин 12 деңиз чакырымына чейинки кеңдиктерине ээ. Ошентсе да, 20га жакын мамлекет эларалык укукта белгиленген чектен ашуун кеңдиктерге ээ.
АЙМАКТЫК ДООТАЛАПТАР – кандайдыр бир мамлекеттин кайсы бир аймакка, анын үстүнөн өз эгемендүүлүгүн орнотуу максатындагы умтулуусу. А. д. бир эле аймакка 2 (же андан көп) мамлекет талаптанган учурда эки тараптуу (көп тараптуу) болушу мүмкүн. Мындай учурларда аймактык талаштар келип чыгат.
АЙМАКТЫК (жергиликтүү) ЖАМААТТАР – Франциядагы жана Франциянын мурда колониясы болгон көпчүлүк өлкөлөрдөгү баардык административдик-аймактык бирдиктердин жалпы аталышы. Францияда коммуналар, департаменттер, деңиздин ары жагындагы аймактар (1982-жылдан бери) А. ж. болуп эсептелет.
АЙМАКТЫК КОРГОНУУ – мамлекеттин коргонуу тутумунун курамдык бөлүгү; КРдин аймагындагы объекттерди жана коммуникацияларды душмандардын бүлдүрүүчү жана террордук аракеттеринен коргоо, ошондой эле аскердик абал режимин орнотуу жана кармап туруу максатында уюштурулат жана ишке ашырылат. А. к-ну уюштуруу жана анын жалпы милдеттери КР Президенти тарабынан аныкталат.
АЙМАКТЫК КОРГОНУУ КҮЧТӨРҮ МЕНЕН КАРАЖАТТАРЫ – душман аракеттеринен, диверсиялык жана террористтик актылардан КР аймагындагы калкты, объекттерди, коммуникацияларды коргоого, ошондой эле согуштук кырдаал тартибин киргизүү менен колдоого арналган КР Куралдуу күчтөрүнүн бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, аткаруу бийлик органдарынын атайын кошуундары.
АЙМАКТЫК МАКУЛДАШУУ – тийиштүү административдик бирдиктин аймагындагы эмгектин жалпы шарттарын, эмгектик кепилдиктерди жана жеңилдиктерди жөнгө салуучу, баардык тараптар үчүн бирдей милдеттүү жана жамааттык келишимдерди түзүү учурларында эске алынуучу жазуу жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболошурулган укуктук акт.
АЙМАКТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК – өкүлчүлүктүү бийликти уюштуруунун принциби, ага ылайык депутаттар бүтүндөй улуттун эмес, мамлекеттин кандайдыр бир аймагынын (адатта – федерациянын субъектисинин) атынан чыгышат. Мында А.ө. түздөнтүз калк тарабынан (АКШ, Бразилия, Венесуэла), же болбосо алардын мүчөлөрүн аймактын мамлекеттик бийлиги тарабынан дайындоо жолу менен түзүлөт (ГФР, РФ). Федерацияларда эреже катары, парламенттин жогорку палатасы А. ө. органы болуп эсептелет, ал эми төмөнкү жыйын – улуттук өкүлчүлүк органы болуп саналат.
АЙМАКТЫК ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР – аймактык базарда төмөндөгүдөй шарттарга жооп берүүчү ошондой товар өндүрүүчүлөрдүн жыйындысы: а) өндүрүүчүлөр өз товарынын баарын же басымдуу бөлүгүн ошол базардын ичинде сатышат; б) КРдин башка аймактарынын өндүрүүчүлөрү андай товарды бул аймакка алып келишпейт.
АЙМАКТЫК СУУЛАРДАН ТЫНЧТЫК ӨТҮҮ – эларалык укукта жээкте жайгашкан мамлекеттердин аймактык суулары менен кемелердин аларды кесип өтүү максатында, ички сууларга кирбестен, рейдде же ички суулардан сырткаркы порттук курулмаларда токтоп турбастан, же болбосо ички сууларга өтүү, ал аркылуу ачык деңизге чыгуу же ошондой курулманын жанында токтоо, рейдде туруу максатында сүзүп жүрүүсү. Баардык мамлекеттердин кемелери, жээкте жайгашкандардыкы да, деңизге түз чыгууга жолу жоктордуку да ушул укуктан пайдаланат. Өтүү эгер ал демейки сүзүү менен байланышып, өз ичине токтоону, якорго турууну камтыса да, баш бербес күчтүн таасирин жеңүү же жардам көрсөтүү үчүн үзгүлтүксүз жана тез болуусу тийиш. Суу алдында сүзүүчү кемелер тынч өтүүнү суу үстүндө ишке ашыруулары керек.
АЙМАКТЫК ТАЛАШ – белгилүү бир аймактын укуктук жактан кайсы тарапка таандык экендиги боюнча мамлекеттердин ортосундагы эларалык талаш. Тараптардын ортосундагы демаркациялык пикир келишпестиктер, ошондой эле бир тараптуу аймактык доомат коюу А. т. болуп эсептелбейт.
АЙМАКТЫК ТАЛАШТАР – мамлекеттердин ортосундагы белгилүү аймактын юридикалык таандыктыгы боюнча эларалык талаш. Тараптардын демаркациялык пикир келишпестиктери, ошондой эле бир тараптуу аймактык дооматтар А. т. болуп эсептелбейт.
АЙМАКТЫК ҮСТӨМДҮК – мамлекет өзүнүн бийлигин жарандыгына (юридикалык жактын улутуна) карабастан, ошол аймакта жайгашкан баардык адамдарга жана уюмдарга карата башкарууну ишке ашыруусу. «А. ү.» түшүнүгү «мамлекеттик юрисдикция» түшүнүгүнөн кеңири, анткени (акыркыны камтуу менен) мамлекеттик бийликти анын баардык конституциялык тариздеринде (мыйзам чыгаруу, аткаруу, административдик жана сот) толук чагылдырып көрсөтөт.
АЙМАКТЫ ЭЛАРАЛЫК ИЖАРАЛОО – өз аймагынын бир бөлүгүн же өз аймагындагы объектини (курулушту) белгилүү бир мөөнөткө, белгилүү бир максатта, белгилүү бир шарт менен пайдалануу үчүн бир мамлекеттин бир мамлекетке келишим негизинде бериши. Келишимде каралган тартиптеги чектөөлөрдү бекем сактоо менен бирге, ижаралоочу мамлекеттин пайдасына айрым укуктарды бергендигине карабастан, ижарага берүүчү мамлекет аймактын эгемендүлүгүн сактап калат. Аймакты ижаралоо келишимдери унаа жолдорун (каналдар менен түтүк жолдорун да) куруу жана пайдалануу, субъекттерде эркин экономикалык аймактарын орнотуу ишчаралары аркылуу кеңири кулач жаюуда. А. э. и-нун башка тариздерине эларалык уюмдар менен чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн мамлекетке караштуу жерлерди ижарага алуусу да кирет.