айтак Толковый словарь кыргызского языка (1969) сырд. Көбүнчө жылкыны башкарып-тескөөгө карата колдонулуучу сөз. Үрккөнү турган жылкыга айтак десең не зорлук (макал).
АЙТАК Энциклопедия "Манас". ч.1. АЙТАК — эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштырган казак бийлеринин бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).
АЙТАК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Көбүнчө жылкыны айдоо-тескөөдө, үркүтүүдө колдонулат. Үрккөнү турган жылкыга айтак десең не зорлук (макал).