айда
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыТүрк тилдеринен, тагыраак айтканда, татар тилинен орус тилине өткөн бул сөздүн мааниси өзгөрүп, азыр бул тилде төмөнкүдөй маанилерди билдирет: 1. решительный, стремительный порыв отправиться куда-либо как действие. Там, брат, не станут разбирать, живой ты или мертвый, а сейчас тебя на телегу и — айда за город! (А. П. Чехов); 2. призыв, приглашение отправиться куда-либо. Все уходите, чтоб ни одной шельмы тут не оставалось! Айда, к свиньям собачьим! (А. П. Чехов).
Кыргыз тилинде адегенде малга карата колдонулуп (мал айда-), кийин арабага же сокого чегилген унаага, андан унаа калып, арабанын же соконун, коштун өзүнө өткөн (араба айда-, кош айда-). Кийинчерээк кыймыл-аракет багытталган объектиге карата да айтыла баштаган: жер айда, эгин айда ж.б. Кийин машинанын ж.б. пайда болушу менен аларга да өткөн: машина айда, кеме айда, кайык айда, самолёт айда ж.б. Айрым этимологдордун ою боюнча, бул сөз ай! деген сырдык сөз менен де- этишинин бирге колдонулушунан келип чыгышы мүмкүн: айда < ай + де.