Iэтиш.1. Турган жеринен башка бир жакка чаап, жазгап, дабыштап ж.б. кетирип жиберүү, кууп жиберүү, оолактатуу, алдындагы малды тескей жүрүү. Ээрди аттан алышып, Адырга айдап салышып (Үсөнбаев). Кырк бир чаар күлүк ат айдап, үйүнө жөнөп калды эми («Эр Төштүк»).
2. Башкаруу, жүргүзүү, кыймылга келтирүү. Вера Павловна дрожканы өзү айдап келди (Байтемиров). Мектепте машина айдаганды, трактор айдаганды үйрөтөт (Касымбеков). Толкун согуп кетпейби, Кемени койсо айдабай (Бөкөнбаев).
3. Жер оодарып жиберүү; кууп жиберүү. Жаш кезимден карты элем, Журтумдан айдап кетирди (Токтогул). Шамбеттер... Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков).
АЙДАIIэтиш.1. Эгинди же башка өсүмдүктөрдү эгүү үчүн жерди коңторуу, үрөн себүүгө ылайыктоо. Трактор минип жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров).
2. Эгин, өсүмдүк эгүү. Эгин айдап, жакшы бак, Жазында чыгат жалтылдап (Токтогул). Ал экөөбүз чоң энем айдаган пияздан жесек, көзүбүздөн жаш аккан (Сыдыкбеков).
АЙДАIIIсырд. «Кана», «кана эмесе» деген мааниде, же «болду», «тез» деген мааниде колдонулуучу сөз. — Айда, балдар, тайганды дагы коркуталы (Сыдыкбеков). Айда, экинчи көзүмө көрүнбө! (Сыдыкбеков). Айда, жүктөп жөнөтө бергиле («Чалкан»).
Түрк тилдеринен, тагыраак айтканда, татар тилинен орус тилине өткөн бул сөздүн мааниси өзгөрүп, азыр бул тилде төмөнкүдөй маанилерди билдирет: 1. решительный, стремительный порыв отправиться куда-либо как действие. Там, брат, не станут разбирать, живой ты или мертвый, а сейчас тебя на телегу и — айда за город! (А. П. Чехов); 2. призыв, приглашение отправиться куда-либо. Все уходите, чтоб ни одной шельмы тут не оставалось! Айда, к свиньям собачьим! (А. П. Чехов).
Кыргыз тилинде адегенде малга карата колдонулуп (мал айда-), кийин арабага же сокого чегилген унаага, андан унаа калып, арабанын же соконун, коштун өзүнө өткөн (араба айда-, кош айда-). Кийинчерээк кыймыл-аракет багытталган объектиге карата да айтыла баштаган: жер айда, эгин айда ж.б. Кийин машинанын ж.б. пайда болушу менен аларга да өткөн: машина айда, кеме айда, кайык айда, самолёт айда ж.б. Айрым этимологдордун ою боюнча, бул сөз ай! деген сырдык сөз менен де- этишинин бирге колдонулушунан келип чыгышы мүмкүн: айда < ай + де.
1. гнать; мал айда- гнать скот; айдап кел- пригнать; айдап келген малы жок, кылып келген камы жок фольк. он не пригнал (никакого) скота, ни о чём он не позаботился; айдап кет- угнать; айдап чык- выгнать; айдап бар- гнать (туда); араба айда- ехать на телеге (управляя лошадью); 2. (точнее жер айда- или кош айда-) пахать; 3. сеять, сажать (производить весь процесс: пахать или вскапывать землю, сеять или сажать и т п.); эгин айда- сеять зерновые; буудай айда- сеять пшеницу; коон айда- сажать дыни; адат айда- следовать обычаю, соблюдать обычай; айдай кел см.айдайкел.
1. Малды чаап, жазгап же дабыштап, турган жеринен башка жакка кетирип жиберүү, кууп салуу, оолактатуу. Эгинди тепсетпей, тетиги торпокторду ары айдасаңчы («Жаш ленинчи»). Ээрди аттан алышып, Адырга айдап салышып («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Малды ж.б. алдыга салып, белгилүү бир багытка карай сүрүү, тескеп жүрүп отуруу. Кой семиртип болгон соң, Анжиянга айдайлы (Тоголок Молдо). Багып жүргөн кырк тулпар Түгөл айдап келди дейт («Эр Төштүк»). 3. Туткунду, күнөөкөрдү ж. б. мажбурлап, белгилүү бир жакка барууга аргасыз кылуу, алдыңа салып, тийиштүү жакка жеткирүү. Жаш кезимден каршы элем, Журтумдан айдап кетирди (Токтогул). Солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Кедейди айдап келет уруп, сабап «Tan пулду, бересиң» – деп коёт камап (Барпы). Шамбеттер Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков). 4. Кыймылга келүүчү, ордунан жылуучу нерсени (кайыкты, машинаны, самолётту ж.б.) жүргүзүү, анын жүрүү кыймылын башкаруу. Мектепте машина, трактор айдаганды үйрөтөт (Касымбеков). Араба кошуп, ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул). Толкун согуп кетпейби, Кемени койсо айдабай (Турусбеков). Бирге жүрдүк, бирге жайлап, бир айлап, Кайык минсек, сен олтуруп, мен айдап (Осмонов). 5. Кетирүү, жок кылуу, бир нерседен арылтуу. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады (Осмонов). Колхоз, совхоз бул күндө Эскиликти айдаган (Осмонкул).
1. Үрөн себүүгө же өсүмдүктөрдүн уругун, көчөтүн тигүүгө ылайыктатып, жерди трактор, соко же күрөктөө менен иштетүү. Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров). Жер семизин тандатып Айдаган элди карачы (Токтогул). Трактор менен жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). 2. Айдалган жерге эгин же башка өсүмдүктөрдү эгүү, себүү. Эгин айдап, чөбүң чап, Эмгегиңден пайда тап (Токтогул). Биз тажрыйба талаасына буудай айдаганбыз (Сыдыкбеков). Пахтаны айдап жайнаткан, Жер булбулун сайраткан (Бөкөнбаев).
сүйл. «Кана», «кана эмесе» деген мааниде же «жүр», «кеттик» деген маанилерде колдонулат. – Айда, тайганды дагы коркуталы (Сыдыкбеков). Айда, жүктөп жөнөтө бергиле («Чалкан»).
ажыдаар менен бирдей. Фашисттин айдагарын белден кесип, Жоо колун кыргынга алып кайра сүргөн (Осмонов). Кара туман каптоосунда Кара айдагар муунткан (Бөкөнбаев).
то же, чтоайдоочу 2; ат айдагыч жигиттер, булактатып желегин, айдоого атты даярдап, тосуп туруп калды эми фольк. (на скачках) парни-погоняльщики, размахивая флажками, подготовив коней к бегу, стояли в ожидании.
Ай жамалдуу, татынакай, сулуу, ажардуу. Таежеси Кишимжан Айдай сулуу жан болду («Олжобай менен Кишимжан»). Асмандаса талыкпаган, Айдайың бар, о Сыргак! (Токомбаев).
(воспринимается не как глагол, а как имя) 1. беспечный хозяин (напр. тот, кто сам ленится пригнать свой скот, а только говорит другому: айдай кел пригони); айдайкелден алтоо өлдү, көрөкелден көп өлдү погов. у "пригони" шесть издохло, а у "посмотри" много издохло; 2. уст. прогульщик.
Өз демилгеси менен иштебеген, тапшырса – иштеп, тапшырбаса жата берген адамдарга карата айтылган накыл кеп. Андай демилгесиз жаштар көсөөдөн айырмасы болбой «айдайкел» болот, бригадир бир ишти айтса иштейт, айтпаса кемеге жанында жаткан көсөө сымал үйлөрүндө жата беришет (Жантөшев).
1. окрик при окарауливании стада; 2. охот. ату!; 3. то же, что айдакчы; айдактын ити 1) собака загонщика; сен айдактын ити эмей, ким айдактын ити? если не ты, так кто же собака загонщика? 2) перен. угодливый и ревностный исполнитель чужой воли; 4. охот. гон; көрүп-көрбөй чуркаса, иттин көркү айдакта стих. красота (охотничьей) собаки в том, что она гонит (зверя), видя или не видя (его); 5. перен. окрик (напр. погонщика, конвоира); понукание; ...коркконунан айдакка көнүп жүргөн андан көп фольк. ... а ещё больше таких, кто из боязни привык к понуканиям.
1. Итти бирөөгө же бир нерсеге тукуруп, «кубала», «ал», «тиште» деген мааниде кыйкырып айтылуучу сөз. Ой-тоону бузуп жапырып, Айдак, айдак, айдак деп, Куу түлкүнү шаштырып («Семетей»). 2. Короо кайтарганда ит-кушка, ууру-бөрүгө дабыш салып, сес кылуу үчүн колдонулуучу кыйкырык. 3. өтм. Бирөөгө каршы көкүтүү, тукурук. Бирөөнүн айдагына көнбөө. Акындардын чабалы Билгенин айкын айта албай, Айдактап койсо бирөөгө Ээлигет, сөзүн кайтарбайт (Токомбаев). Сейитти бирөө айдактабай койду дейсиңби! (Сасыкбаев).
Кыргыз тилинде итти тукуруу үчүн айдак, туайт, айт сөздөрү колдонулат. Булардын алдыңкы экөө жалаң гана итти тукурууда айтылса, акыркысы малды кайрууда жана башка жаныбарларды тукурууда да жумшалат.
Бул сөздүн тыбыштарында айырмачылык болгон менен, составында бирдейлик бардыгы оңой баамда-лат: айд+ак, ту+айт, айт. Баарына орток болгон айт уңгусу итти тукуруучу сөздөргө негиз болгон.
Ошол айт уңгусу эмне деген маанидеги сөз экендигине мындайча жооп берүүгө болот. Азыркы кыргызча ит деген сөз казак тилинде ыйт болуп айтылат, бирок ит түрүндө жазылат. А. М. Щербак ыйт түрүндөгүсү эң байыркы формасы деп эсептейт (Щербак, 970, 194). Ушул пикирге кошулуп, байыркы мезгилде ыйт жана айт деген сөздөр а жана ы тыбыштарын алмаштырып, варианттуу айтылган деген болжолго келебиз. Ал варианттар ит деген маани берген.
Итти тукуруу үчүн байыркы кыргыздар ит деген сөздүн өзүн айткан, антпесе ит башка жаныбарга айтып жаткан экен деп, тукурганды «түшүнбөй» калышы мүмкүн деп билишкен. Айдак сөзү айт+ак деген бөлүктөрдөн турат. Мунун айт деген уңгусу — жогор-ку ит деген маанидеги сөз: ит<ыйт>айт. Ага -ак мүчөсү уланганда, эки үндүүнүн ортосундагы т тыбышы д тыбышына өзгөрүп кеткен. Мындай кубулуш азыркы кыргыз тилинин фонетикасында жок, бирок этимологиялык талдоолордун негизинде айрым сөздөргө бул сыяктуу кубулуштар сейрек болсо да учурайт. Жогорку -ак мүчөсүнүн маанисин так айтуу азырынча кыйын. Ошондой болсо да анын маанисин болжолдоого болот. Азербайжанча кешөк, кара калпакча кешек сөзү «бото» маанисин берет. Кыргыз тилинде көш-көш! деген сөз аркылуу жалпы эле төөлөрдү чакырат. Буларды өз ара салыштырганда -ак мүчөсү уңгуга эч кандай жаңы маани бербей турганы аныкталат, ал бирде жаныбардын атын билдирген сөзгө уланса, бирде ал жаныбарды чакырган сөзгө кошулат.
1. Байгеге кошулган аттарды жандап, жарышка айдап барып кошуучу киши. 2. Мергенчи киши аң уулаганда ага аң айдап, кыйкырык-сүрөөн салып туруучу киши. 3. Кийик уулаганда кийикти тосотто, камакта отурган мергенчиге айдап берүүчү анын жолдошу. 4. өт. Бакырып, кыйкырып сүйлөгөн адам. Айдакча адам экен. 5. Чакмак таш оюнунда «үйгө» айдап киргизиле турганы.
страд. отайда-; айдалган жер вспаханная земля. айдала- кричать "айда-айда!"; малды айдалап да кыйкырган киши жок нет (не слышно) никого, кто бы окрикивал стадо (т.е. нет признаков присутствия человека); айдалаган үн чыкты послышался крик "айда!" (видимо, кто-то окрикивает стадо).
айда II этишинин туюк мамилеси. Ал эрме чөл бүгүн жашыл, Кендир, пахта айдалып (Бөкөнбаев). Трактор, соко майлансын, Токтолбой эгин айдалсын (Осмонкул).
айдалуу I и. д. отайдал-; талаалар өз убагында айдалууга тийиш поля должны быть вспаханы своевременно. абдалуу II 1. гонимый; то, что или тот, кого гонят; айдалуу малыбыз наш скот (скот, который мы гоним); 2. (о земле) вспаханный, обработанный; балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу погов. если твой сын хороший (букв. прибыльный), твоя нива обработана.
Iсын. Айдоодогу, айдалып бара жаткан. Айдалуу мал. АЙДАЛУУIIсын. Айдалган, айдалып себилген, айдалып коюлган. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу (макал).
АЙДАЛЫП КЕТКЕН КИШИЛЕР – аргандай оор жумуштарга пайдалануу үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлерчилер жана анын колбалдары тарабынан басылып алынган аймактардан күч менен алынып кеткен адамдар. Согуш бүткөндөн кийин СССР бир катар мамлекеттер менен советтик жарандарды репатриациялоо жөнүндөгү келишимдерди түзгөн. Качкындардын статусу жөнүндөгү 1961-жылкы Конвенцияда «А. к. к.» деген аталгы кездешпейт. Ошого карабастан, акыркы жылдары Качкындар иши боюнча БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгы туруктуу жашаган жеринен мажбурлап көчүрүлгөн же таштап кетүүгө аргасыз болгон, бирок ошол эле мамлекеттин аймагында калып, маңызы боюнча ички качкынга айланган адамдарды белгилөө максатында өз иш-тажырыйбасында колдоно баштады.
Iсын. Жапайы эмес, айдалуучу, эгилүүчү (мис., өсүмдүк жөнүндө). Айдама эгин. АЙДАМАIIсын. Бирөө айтмайын, өз демилгеси менен эч нерсе иштебей турган, бирөөнүн айтканы боюнча жүргөн (мис., киши жөнүндө). Айдама киши.
Бирөөнүн айтканы менен иш кылган, өз алдынча иш жүргүзө албаган, өз демилгеси жок. Жээренче чечендин баласы Төлөмырза копол, жүдөмүш, айдама чыгат (Жусупов).
Түшүнүктүү, белгилүү, так, даана, анык. Кимдин ким экени Жылдызканга айдан ачык болду (Байтемиров). Колго түшкөн олжо көп адамдарга таандык экени айдан ачык (Осмоналиев). Албетте, эрегиштен эр өлүп, эриш бузулары эки тарапка тең айдан ачык (Сыдыкбеков). Увазир кандай көйгө кабыларын айдан ачык түшүнүп, тоону карай качат («Кыргыз Туусу»). В.: Айдан ак. Алар тез мантыгып, акчага карк болору айдан ак (Ашымбаев).
Түшүнүктүү, белгилүү, так, даана, анык. Кимдин ким экени Жылдызканга айдан ачык болду (Байтемиров). Колго түшкөн олжо көп адамдарга таандык экени айдан ачык (Осмоналиев). Албетте, эрегиштен эр өлүп, эрши бузулары эки тарапка тең айдан ачык (Сыдыкбеков).
АЙДАП КЕЛҮҮ – соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келбей койгон (жүйөлүү себепсиз) айыпталуучу, соттолуучу, шек саналуучу, ошондой эле жабырлануучу, күбө ж. б. адамдардын ички иштер органы тарабынан мажбурлоо жолу менен алынып келинүүсү. Жогоруда аталган жактар жүйөлүү токтом боюнча аныкталган соң, аны аткаруу тийешелүү ички иштер органдарына жөнөтүлөт. А. к. түн мезгилинде жүргүзүлбөйт. Эрезеге жетелек балдар, боюнда бар аялдар, ошондой эле денсоолугуна байланыштуу келалбаган же жайгашкан ордун таштап кеталбаган бейтаптар мажбурлап алып келүүгө жатпайт.
Арыдан бери жок кылуу, жоготуу, түгөтүү. Сага эмне түтөт, азыр алсаң, азыр жок. Заматта айдап отко саласың, – деп аялым жемелей баштады («Кыргызстан маданияты»).
Арыдан бери жок кылуу, жоготуу, түгөтүү. Сага эмне түтөт, азыр алсаң, азыр жок. Заматта айдап отко саласың - деп аялым жемелей баштады («Кыргызстан Маданияты»).
айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары - тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки. айдар II то же, чтоайдарым; айдар кел! айдар кел! повей, ветерок!, повей, ветерок! (призыв ветра на току).
Iзат. Төбөгө коюлган чач. Беш балбанды карасаң, Төбөдө айдар чачы бар («Манас»).
АЙДАРIIзат. Айдарым жел, желаргы. [Чаргын].. жогортон муздак айдар беттерин желпип өтсө, аны да көп сезе бербей туруп кескин сүйлөдү (Сыдыкбеков).
АЙДАР Жаныбек уулу (1888, Алай району, Сабай айылы — 1936, ошол эле жер)— манасчы. А-дын шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө А. Чомо сыяктуу эле «Манас» эпосун 8 муун кылып айткан, бирок, анын айтканы кагаз бетине түшүрүлбөгөн.
«айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары – тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; <> айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки» (Юдахин 1965:30).
Эркек кишинин төбөсүнө коюлуп, өрүлгөн узун чачы. Көкүл – айдар чачым бар («Манас» С.О.). Аркасында айдары. («Манас» С.К.). Жеңеси үн дебестен эки айдар кылып өрүп берди. (Абакиров). Коё берген айдары, Далыда жүрөт салпылдап. («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок белбоо – Асылдын жалгыз баласы («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок бел боо, Арстан тууган Алмамбет («Манас»). Аркасында айдары Тору айгырдын жалындай («Манас»).
< арабизм. hейдар «шер, арстан». Жакыптын уулу жайдарга, Жаш кабылан айдарга, Манаска кабар салыӊар, Чакырып келе калыӊар (Жүсүп Мамай). Жогорудагы «айдарын тигүү» жана «айдарын салуу» деген фразеологизмдер ушул айдар II менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, «Манаста» Алмамбетке гана айтылуучу «алтын айдар» (Алтын айдар, чок белбоо, Азиз кандын жалгызы) калмак тилинен да кездешет. Ошентип, түрк-монгол параллели деп эсептелип жүргөн бул сөздүн теги жогорудагы арабизмге барып такалышы да мүмкүн, анткени буга маанилеш көкүл сөзү да иран тилдеринен алынганы (көкүл < ир. какол) белгилүү.
АЙДАРКАН — каарман, казак каны Көкчөнүн атасы. А-дын башкаруучулук, баатырдык иш-аракети Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка варианттарга салыштырганда кенен чагылдырылган. Эпостун алгачкы окуяларында ал жекеме-жеке сайышка түшкөн баатыр гана эмес, кеп-кеңеш берген карылардын катарында да сүрөттөлөт. Манастын төрөлүшүндөгү тойдо кытайдын Күнөс балбаны менен беттешүүсүнүн (Сагымбай Орозбаков, 1. 86, 98) тыянагы белгисиз калган, ал эми Нескара менен болгон урушта Даң-Даңды жеңет. Бирок, андан кийин жекеге чыккан баатыр Күдөңгө каршы баралбай качып берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 204). Ал эми карылар кеңешинде ал тайманбас баатыр, кайраттуу акылман абышканын кебин салат:
Кан Жакып баштап карыңар
Кайратты таштап салдыңар
Качууну сүйүп калдыңар...
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 17—18).
Текес кан менен болгон согушта кол башчы (кан) да болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 39). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошотуу үчүн Бээжинге жасаган жортуулуна катышып, кайра келаткан жолдо Манас менен Кутубийге жардамга келишип, кытайлар менен согушка да катышканы айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 147, 150, 159, 161).
И. Абдувалиев
АЙДАРКУЛОВ Кадыркул (1946, Жаңы-Жол району, Кызыл-Жар айылы) — тарыхчы, «Манас» изилдөөчү. 1969-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз Мамлекеттик Университетин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1973). 1974-ж-дан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын тарых институтунда илимий кызматкер. А-дун «Манас» изилдөөдө негизинен «Семетей» бөлүгүнө кайрылып, көптөгөн илимий-популярдуу макалаларды жана «Кылымдар жаңырыгы» (1991) аттуу китебин жазган, к. Кылымдар жаңырыгы.
лёгкий ветерок (чаще утренний и вечерний); айдарым жел жүрүп (или согуп) турат дует лёгкий ветерок; айдарымга чапканда, эки этектен үн чыгат фольк. когда (всадник) скачет в ветерок, полы (его одежды, развеваясь) издают звук (так мчится конь); айдарым какыр талаа безжизненная пустыня.
Жамандык ойлоо, абдан каршыгуу, жамандык кылууга ниеттенүү, артынан түшүү. Айтарын айтып, айдарын тикти (Бейшеналиев). Мага айдарын тигип турбайбы. В.: Кастарын тигүү. Жутаке менен Түнкатар молдонун тукуругу боюнча мага кастарыңды тигип калганыңды билем (Жантөшев).
1. айда этиштеринин аркылуу мамилеси.
2. Токтолбой айта бер, жөнөтө бер деген мааниде шыкак берүү иретинде колдонулуучу сөз. Айдат, Манастан, биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).
понуд. отайда- 1. заставить гнать; алтымыш ала жылкыны айдатып берди устага фольк. он заставил пригнать мастеру шестьдесят пегих коней; кой айдат- 1) заставить гнать овец; 2) ист. вести гуртовую торговлю овцами; 2. (точнее жер айдат- или кош айдат-) заставить пахать; 3. заставить сеять, заставить сажать; бир нече күн жаан жаап, эгин айдатпай келди несколько дней шёл дождь и не давал производить сев (пахать и сеять).
1. айда I этишинин аркылуу мамилеси. Айдата кел бир жолу Тартууга берген малыңды («Курманбек»). Ач көз байды кулакка тартып, Айдатып жатты бир четтен жанчып (Абдыраманов). 2. өт. Такалбай, буйдалбай сүйлөө, ырдоо же бир нерсени машыккандык менен аткара билүү, иштей билүү. Шарипке Иранын орусча, кыргызчасын шакылдап айдатканы укмуштай сезилип турду (Бейшеналиев). Ниязалы сайраткан, Боз жоргодой айдаткан (Үмөталиев). Айдата жаза билген мыкты катчынын колу-колуна тийбейт («Ала-Тоо»). Айдат «Манастан», биз да башты бекер оорутпай жыргай түшөлү (Бейшеналиев).