АЙДАН АЧЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Түшүнүктүү, белгилүү, так, даана, анык. Кимдин ким экени Жылдызканга айдан ачык болду (Байтемиров). Колго түшкөн олжо көп адамдарга таандык экени айдан ачык (Осмоналиев). Албетте, эрегиштен эр өлүп, эриш бузулары эки тарапка тең айдан ачык (Сыдыкбеков). Увазир кандай көйгө кабыларын айдан ачык түшүнүп, тоону карай качат («Кыргыз Туусу»). В.: Айдан ак. Алар тез мантыгып, акчага карк болору айдан ак (Ашымбаев).