айда
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I этиш. 1. Турган жеринен башка бир жакка чаап, жазгап, дабыштап ж.б. кетирип жиберүү, кууп жиберүү, оолактатуу, алдындагы малды тескей жүрүү. Ээрди аттан алышып, Адырга айдап салышып (Үсөнбаев). Кырк бир чаар күлүк ат айдап, үйүнө жөнөп калды эми («Эр Төштүк»).
2. Башкаруу, жүргүзүү, кыймылга келтирүү. Вера Павловна дрожканы өзү айдап келди (Байтемиров). Мектепте машина айдаганды, трактор айдаганды үйрөтөт (Касымбеков). Толкун согуп кетпейби, Кемени койсо айдабай (Бөкөнбаев).
3. Жер оодарып жиберүү; кууп жиберүү. Жаш кезимден карты элем, Журтумдан айдап кетирди (Токтогул). Шамбеттер... Чегирткени айылдан айдап салган (Сыдыкбеков).
АЙДА II этиш. 1. Эгинди же башка өсүмдүктөрдү эгүү үчүн жерди коңторуу, үрөн себүүгө ылайыктоо. Трактор минип жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров).
2. Эгин, өсүмдүк эгүү. Эгин айдап, жакшы бак, Жазында чыгат жалтылдап (Токтогул). Ал экөөбүз чоң энем айдаган пияздан жесек, көзүбүздөн жаш аккан (Сыдыкбеков).
АЙДА III сырд. «Кана», «кана эмесе» деген мааниде, же «болду», «тез» деген мааниде колдонулуучу сөз. — Айда, балдар, тайганды дагы коркуталы (Сыдыкбеков). Айда, экинчи көзүмө көрүнбө! (Сыдыкбеков). Айда, жүктөп жөнөтө бергиле («Чалкан»).