АЙДА II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Үрөн себүүгө же өсүмдүктөрдүн уругун, көчөтүн тигүүгө ылайыктатып, жерди трактор, соко же күрөктөө менен иштетүү. Жер айдап, кээси арпа, кээси таруу себишет (Байтемиров). Жер семизин тандатып Айдаган элди карачы (Токтогул). Трактор менен жер айдап, Дыңды аңтарып таштагын (Осмонкул). 2. Айдалган жерге эгин же башка өсүмдүктөрдү эгүү, себүү. Эгин айдап, чөбүң чап, Эмгегиңден пайда тап (Токтогул). Биз тажрыйба талаасына буудай айдаганбыз (Сыдыкбеков). Пахтаны айдап жайнаткан, Жер булбулун сайраткан (Бөкөнбаев).