АЙМАЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эриндер менен, тил менен жалмалоо. Ак мамаңды аймалап, Эмдим эле энеке (Турусбеков). Аймалап жыттап жүрөйүн, Ай сайын эмес, күнүнө (Үмөталиев). 2. Жыттагылап өпкүлөө. Чоң эне кагылып-согулуп небересин аймалады (Сыдыкбеков). 3. өт. Илеби урунуп, тийип кеткен абал (шамалга, желге карата). Бетти-колду бирде жылуу, бирде салкын жел аймалайт (Сыдыкбеков). Суук шамал Касейиндин беттерин каарып, колдорун аймалайт (Сыдыкбеков).