Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканды айткандай аткаруу, эч каршылык көрсөтпөө, ою менен болуу. Айтканыңды эки дебей, эпилдеп турган кичинекей кагелес жигит (Укаев). Аны сестра, санитаркалар сыйлашып, айтканын эки дешпейт (Сыдыгалиев). В.: Айтканын эки кылбоо. Атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы уулу (Жигитов). Эл кадырлайт, этегиңди өбөт, «ажы аке» деп айтканыңды эки кылбайт! – деп Карасакал өзү да кубанычын жашыра албай, уурту тартыла жымыйып, эки көзү жайнады (Касымбеков). Өз ишин жакшы билет, айтканын эки кылбайт (Эралиев).