АЙКАЛЫШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бири-бирине колун артып кучакташуу. Айкалышкан экөөнү, Ажыратып салды эми («Олжобай менен Кишимжан»). Айкалышып көрүшүп, Сөзгө мыкты кандыңбы? (Тоголок Молдо). Айдын жарык түн менен, Айкалышып сүйлөшсөң Айнектей сулуу кыз менен (Токтогул). 2. Туура келген; бири-бирине төп келген, шайкеш келген, кыналышкан абал. Мал чарба продуктыларын өндүрүүнүн жана даярдоонун көбөйүшү коомдук малдын санынын өсүшү менен айкалышты («Советтик Кыргызстан»). Он эки куйрук, он чалгын Айкалышып сызган күү (Токтогул).