АЙМА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бурдап, жалмап сугунуу. Жакып экөөбүз эми эле тамакка тоюп келгенбиз. Болбосо эмгиче аймап коймокбуз (Бейшеналиев). Адырдагы бетеге, Аймап жеген торпогум (Тоголок Молдо). 2. Тырмап жулуу. Беш тырмагын салбасын, Бетин аймап албасын («Курманбек»). 3. өт. Өлтүрүү, жок кылуу. Абыкесин аймармын, Көбүштү көргө киргизип, Көпчүлүктөн айдармын («Семетей»). Асылды аймап жеп болдум, Куу душманга кеп болдум («Сейтек).