АЙЫЛ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көчмөн турмуштагы бир нече үй-бүлөнүн бирге конуп, бирге көчүп, бири-бирине жамаатташ жашаган тобу. Андагы заман курусун Айылды айыл чабышкан (Маликов). Келип түштү Солтобай Кулжыгачтын айлына («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Калк жашаган жер; кыштак. Кары-жашы калбастан, айылдагылар көчөт отургузууга киришти (Убукеев). Келчи, курбум, келчи биздин айылга (фольк.).