айкырык
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Катуу кыйкырык, ачуу чыккан үн. Айкырыгын баспастан, Эрмек келет сабалап («Эр Табылды»). Бир жагынан Музбурчак, Айкырыгы таш жарып Келе жатат чамынып («Манас»).
♦ Ач айкырык — кулак жаңырткан катуу кыйкырык. Жети асаба туу алып, Ач айкырык чуу салып («Манас»).
♦ Ач айкырык — кулак жаңырткан катуу кыйкырык. Жети асаба туу алып, Ач айкырык чуу салып («Манас»).