Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙЧЫК, айчыктуу туу — түрдүү түстөгү кездемеге жарым ай түрүндө эмблема түшүрүлгөн туу. «Манаста» ар кандай шартта колдонулган. Көкөтөйдүн ашындагы «Айчыктуу туусу болбосо Ажеп эмес ал ашта Адашып киши жоголсо» (Сагымбай Орозбаков, 3. 223),— деп көп эл чогулган салттык мелдештер өз тууларынын айланасында өткөн, к. Туу. АЙЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз үчүнчү келген Бозуул тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айдын кичирейтилип айтылышы, б.а., жаңы туулган ай. 2. Жарым ай түрүндө тууга ж.б. кооздолуп сайылган сайма же тартылган сүрөт. Ал көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемасы. Айчыктуу туулар жаркылдап. («Манас» С. О.). Келериңде, дүнүйө, Айчыгы алтын туудайсың, Кетериңде, дүнүйө, Соолгон кудук суудайсың (Токтогул). Айчыгы алтын көк тууну Алып бергин, эр Кошой («Манас»). 3. диал. Кооздолуп жасалган кийимдин бир түрү. Айчыкыт кийсе буралган, аргымак минсе кубанган.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жарым ай формасындагы оймо-чийме менен кооздолгон. Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап («Манас)».
2. Маңдайында жарым ай сыяктуу кашкасы бар (жылкы жөнүндө). Айчыктуу күлүк кызыл ат Айда аркандап минесиң (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айчыгы бар, айчык түшүрүлгөн. Асаба желек калкылдап, Айчыктуу туулар жаркылдап («Манас»). 2. Маңдайында айчык сыяктуу кашкасы бар (жылкыга карата). Айчыктуу күлүк кызыл ат Айда аркандап минесиң (Үсөнбаев).