Киргизско-русский словарь Юдахина
жеребец;
айгырдын жаманы ат качырат погов. дурной жеребец меринов гоняет (от косяка; мерин ему не конкурент);
ат качырбас боз айгыр смирный жеребец (в своём косяке);
айгыр болор кулундун жаак эти чоң болот погов. у жеребёнка, который может стать (племенным) жеребцом, мышцы на скулах большие;
бээ көрбөгөн айгыр жеребец, не имевший случки;
айгыр карады жеребец покрыл, оплодотворил (кобылицу);
айгыр бээлерди карап жүрөт жеребец находится в ярости (бегает за кобылицами);
айгыр ат южн. мерин;
айгыр сал- см. сал-VI 6;
сары айгыр овсянка желочная (птица);
айгыр жыгар
1) беломятлик (трава);
2) сев. этн. свадебный обычай: молодые родственницы невесты не выпускают её из дома родителей, требуя с жениха подарки;
айгыр-байтал жазасы южн. название детской игры.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөздүн келип чыгышы жөнүндө айтылган пикирлер абдан көп. Алар жөнүндөгү кыскача маалыматтар Э. В. Севортяндын этимологиялык сөздүгүндө берилген (Севортян, 1974, 108). Ар түркүн пикирлердин көбүнүн чындыкка жакындыгы болушу мүмкүн. Бирок бул сөздүн келип чыгышы жөнүндө төмөнкүдөй болжолду сунуш кылууга болот. Байыркы түрк жазууларында адгыр//азгыр түрүндө айтылган сөз азыркы кыргыз тилинде айгыр болуп айтылат. «Байыркы түрк сөздүгүндө» азгыр сөзү «свирепый» болуп которулган (ДТС, 72). Ушуга караганда байыркы адгыр// 1азгыр-->айгыр сөзү айгырдын мүнөзүнө жараша коюлган. Анткени жылкынын башкалары адамдын эркине оңой көнөт, үйрөнөт, үйүрдөгү айгырды байлап да, камап да токтотуу кыйын. Ошону менен бирге айгыр үйүрүнө башка малды, ит-кушту да жолотпойт. К. Дыйкановдун айгыр деген сөз ат+кыр («эркек ат») дегени чындыкка көп жакындашпайт (Дыйканов, 22). Анткени ат болгон соң айгырдай азынып, чалпоолук кыла албай калат.