Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөздүн келип чыгышы жөнүндө айтылган пикирлер абдан көп. Алар жөнүндөгү кыскача маалыматтар Э. В. Севортяндын этимологиялык сөздүгүндө берилген (Севортян, 1974, 108). Ар түркүн пикирлердин көбүнүн чындыкка жакындыгы болушу мүмкүн. Бирок бул сөздүн келип чыгышы жөнүндө төмөнкүдөй болжолду сунуш кылууга болот. Байыркы түрк жазууларында адгыр//азгыр түрүндө айтылган сөз азыркы кыргыз тилинде айгыр болуп айтылат. «Байыркы түрк сөздүгүндө» азгыр сөзү «свирепый» болуп которулган (ДТС, 72). Ушуга караганда байыркы адгыр// 1азгыр-->айгыр сөзү айгырдын мүнөзүнө жараша коюлган. Анткени жылкынын башкалары адамдын эркине оңой көнөт, үйрөнөт, үйүрдөгү айгырды байлап да, камап да токтотуу кыйын. Ошону менен бирге айгыр үйүрүнө башка малды, ит-кушту да жолотпойт. К. Дыйкановдун айгыр деген сөз ат+кыр («эркек ат») дегени чындыкка көп жакындашпайт (Дыйканов, 22). Анткени ат болгон соң айгырдай азынып, чалпоолук кыла албай калат.