Киргизско-русский словарь Юдахина
1. южн. госпожа (ныне гл. обр. саставная часть женских имен: Гүлайым и т.п.);
2. супруга;
алып жаткан тогуз айымы, андан айырылды Урумкан фольк. Урумкан лишился своих девяти супруг, с которыми он жил;
мырза айым см. мырзайым.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Зайып, жар, аял. Баатырыңды кул кылам! Айымыңды тул кылам («Семетей»). Калматай баатыр зайыбы, Мырза Жаңыл айымы (Тоголок Молдо).
2. Аялдарга сылык түрдө кайрылууда айтылат. Кадыры бар калкына, Бул кайсы элдин айымы? (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Асмандагы ай кыргыз элинин түшүнүгүндө сулуулуктун символу болгон. Сулуулук аялдарга таандык назиктиктин, мээримдүүлүктүн артыкча бир белгиси катары каралган. Ошондуктан аларга айым деген кайрылуу урматтагандыкты да туюнткан. Алгач айым деген сөзгө I жактын таандык мүчөсү жалгангандыктан, сүйлөөчүгө гана таандык болуп айтылган. Кийин таандык мүчө өзүнүн ал касиетин жоготуп, уңгуга биригип кеткен, өзүнөн кийин таандык, мүчөлөрдү жалгай бере турган болуп калган: айымым, айымың, айымы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Зайып, аял, жар (кадырлап, урматтоо иретинде). Баатырыңды кул кылам! Айымыңды тул кылам («Семетей»). Калматай баатыр зайыбы, Мырза Жаңыл айымы (Тоголок Молдо). Кадыры бар калкына Бу кайсы элдин айымы (Жантөшев). 2. Аялдарга карата сылыктык менен, урматтоо менен кайрылуунун формасы. Бул кыргыз сага эл эмес, айым. Бул Талас сага жер эмес, айым («Манас»). Каныша айым, сизге дат бар (Жантөшев). Урматтуу айымдар жана мырзалар! Конференциябыздын эң кызыктуу бөлүгүнө эми келип жеттик болуш керек (Акматов). 4. Сулуу аял, жар, селки, колукту. 5. какшыктуу. Жатып ичээр аял. Анын айымы үйдө созулуп отурат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Акылдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз тогузунчу келген Калдар тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙЫМКҮЛ — Көкөтөйдүн аялы, Күлайымдын атынын ыр ыргагына карай аллитерацияга ылайыкташтырылып өзгөртүлүп айтылышы: «Амбар толо алтын калды, Айымкүлдөй катын калды» (Сагымбай Орозбаков, 3. 8).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙЫМ-МҮНСӨК — топоним. Каныкей Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшчү кандагай шымды даярдаш үчүн Абыке баштаган 60 мергенди атайы жиберип териси өтө бекем тоо текени аттырып алган жер.