АЙЫМ-МҮНСӨК Энциклопедия "Манас". ч.1. АЙЫМ-МҮНСӨК — топоним. Каныкей Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшчү кандагай шымды даярдаш үчүн Абыке баштаган 60 мергенди атайы жиберип териси өтө бекем тоо текени аттырып алган жер.