Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Зайып, аял, жар (кадырлап, урматтоо иретинде). Баатырыңды кул кылам! Айымыңды тул кылам («Семетей»). Калматай баатыр зайыбы, Мырза Жаңыл айымы (Тоголок Молдо). Кадыры бар калкына Бу кайсы элдин айымы (Жантөшев). 2. Аялдарга карата сылыктык менен, урматтоо менен кайрылуунун формасы. Бул кыргыз сага эл эмес, айым. Бул Талас сага жер эмес, айым («Манас»). Каныша айым, сизге дат бар (Жантөшев). Урматтуу айымдар жана мырзалар! Конференциябыздын эң кызыктуу бөлүгүнө эми келип жеттик болуш керек (Акматов). 4. Сулуу аял, жар, селки, колукту. 5. какшыктуу. Жатып ичээр аял. Анын айымы үйдө созулуп отурат.