Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБАЛТА — согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6—9-кылымдан бери белгилүү.


Эпосто А. темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» А. дал ошондой курал.