Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз билгенин бербөө, айтканын айткандай аткаруу, көздөгөнүнөн баш тартпоо. Ал эми манаптар Токтогулдун айтканынан кайтпас көктүгүнө көздөрү жетип, чындап өчөгүштү (Бейшеналиев). Айтканынан кайтпаган, Акыл жигит жакшы экен (Барпы). Айтканы айткан, дегени деген, меники гана туура дейт да турат (Айтматов).