АЙБАН I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бакма жана жапайы жашаган төрт аяктуу жаныбарлардын жалпы аты. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»), Кабылан, жолборс, карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). Үй айбандары. Жапайы айбандар. 2. өт. Мүнөзү жаман, адамгерчилиги жок, орой, ырайымсыз, наадан (кишиге карата). Айбандын ойрон кылып жаткан жайын, Берлинге улам жакын калган сайын (Осмонов). Жеткен айбан экенсиң го («Ала-Тоо»).