Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. вина, провинность;
айыбы или айбы его вина, его провинность;
айыбы ачылды его виновность обнаружилась;
айып эт- обвинять, осуждать;
айып кетир- совершить проступок;
айып этпе или айып көрбө не обессудь; извини; не вмени в вину;
аз айып, көп күнөөбүз болсо, кечир много ли мы виноваты, мало ли- прости;
2. изъян, недостаток;
3. ист. материальное взыскание с виновного в пользу пострадавшего (налагалось по обычному праву; главным видом уплаты штрафа был скот, но платили и ловчими птицами, рабами, рабынями, а иногда отдавали в уплату и своих девушек);
айыпты айдаган билер, кунду кууган билер погов. о штрафе (о его тягости) знает тот, кто гонит (скот в уплату); о вире знает тот, кто домогается;
ооз айыбы взыскание за оскорбление словом;
айыпка жык- или айыпка буюр-наложить взыскание;
кун доолагандарды кайта айыпка жыгып үч тогуз, бир кыз тартуу алышкан тех, кто требовал виры, (самих) присудили к уплате и получили (с них) в виде подношения три девятки (см. тогуз 2) и одну девушку;
айыпка жыгыл- быть присуждённым к уплате взыскания;
ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат погов. если вор силён, хозяин (украденной вещи) в ответе;
айып сал- наложить взыскание;
айып төлө- платить то, что взыскивают;
ат-тон айып см. ат I 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күнөө, жазык, кылмыш. Аз айып, көп күнөөм болсо кечир (Жантөшев). Айыбы чыккан жигиттин узун бою пас болот (макал). Кемчиликти бетке айткандын айбы жок (макал).
2. Кемчилик, каталык. Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы).
3. Жаза иретинде кесилген мал, дүнүйө, доо; күнөөлүү деп таап, берилүүчү жаза. Ал жолу адилетсиз бий «бекке тил тийгизди деп мага тогуз айып ойлоду (Жантөшев).
Айып этпеңиз же айып көрбөңүз — «кечириңиз», «жаман көрбөңүз» деген мааниде кечирим суроо, сылыктык иретинде колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнөө, жазык. Сыркоолугун туйбай ишке бар десе, Сыр билбеген бригадирдин айыбы («Чалкан»). Бирок кандай арга кылып анын айыбын ачарын билбей жүрөт (Байтемиров). Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң (макал). 2. Кемчилик, каталык. Ак кагазды каралап, Кат билбеген айыбым (Токтогул). Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет, Андай болсо, көп кечикпей кууп жет (Осмонов). Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы). 3. Кылмышына, күнөөсүнө карата зордук, күч көрсөтүү аркылуу мал же башка нерселер менен төлөтүлүүчү салык, штраф. Токтогул деп кекетсең, Тогуз айып саларсың (Токтогул). Дыйканбай каарына алган кишилерине айып салган (Бөкөнбаев). Анча-мынча мал тапса, Алдырып коёр айыпка (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айыптуу, күнөөлүү, кылмыштуу. Эгер бий каарына алып койсо, айыпкер адамдын жеке өз башы эмес, анын бүт уруусу айыпкер (Сыдыкбеков). Аш берген киши айыпкер, балам! Калк жыйган киши күнөөкөр балам! («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПСЫЗДЫК ПРЕЗУМПЦИЯСЫ – кылмыш-жаза укугунда айыпталуучу (соттолуучу) анын айыбы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче ал айыпсыз деп эсептелген жобо. А. п. – маанилүү демократиялык принциптердин бири; инсандын укугунун корголуусун камсыз кылат, негизсиз айыптоого жана соттоого жол бербейт. А. п. процесстик мыйзамда белгиленген каражаттар аркылуу далилдөө жолу менен жана соттук ишке тийиштиги бар делген жана мыйзам жол берген жетиштүү далилдер болгондо гана четке кагылышы мүмкүн, ошондо да далилдөө түйшүгү (милдети) айыптоо органдарына гана жүктөлөт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Күнөөлөө, айып коюу. [Каныбек].. өзүн өзү айыптайт (Жантөшев). Карабек акырында аялынын өзүн айыптай баштады (Каимов).
2. Айыпка жыгуу, айып тарттыруу (3-маанисинде). Боромбайдын Сарысын Күндө жейсиң айыптап (Токтогул). Күндө жейсиң айыптап Бутун журттун баарысын (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айып коюу (кимдир бирөөгө), айыптуу экенин көрсөтүү, кылмыштуу, күнөөлүү деп эсептөө, айыпка жыгуу. Менин жоктугум үчүн башка бирөөнү айыптабагыла («Ала-Тоо»). Күндө жейсиң айыптап, Бүтүн журттун баарысын (Токтогул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТАЛУУЧУ (КҮНӨӨЛӨНҮҮЧҮ) – кылмыш-жазык жүрүмүнүн катышуучусу. Белгилүү бир жактын кылмыш жасагандыгын көрсөтүүсү жетиштүү болгондо, тергөөчү ал жакты К. катары жоопко тартуу жөнүндө ынанымдуу токтом чыгарат. Кылмыш-жаза жүрүмүнүн борбордук субъекттеринин бири.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТОО (КҮНӨӨЛӨӨ) КОРУТУНДУСУ – аныкталган кылмыш жагдайы баяндалып, чогултулган далилдер талдануучу жана алардын негизинде айыпталып жаткан жакты сотко өткөрүп берүүгө далилдердин жетиштүүлүгү жөнүндөгү тергөөчүнүн (алгачкы тергөө органы) жыйынтыгы чыгарыла турган алдынала тергөөнүн аягында жүргүзүлүүчү процесстик документ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТОО (КҮНӨӨЛӨӨ) (укукта) – жасалган кылмыштын мүнөзү менен оордугуна жараша сотто жекече, жекече-жарыя жана жарыя тартибинде жүргүзүлөт. Жабырлануучу өлүп калган учурда же жаш курагына байланыштуу жарамсыз болсо, же денсоолугуна байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өз эркин билдире албаса, анын эрезеге жеткен жакын туугандарынын биринин КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте кылмыш-жаза иши боюнча күнөөлөнүүчүнүн артынан түшүүгө, ал эми жекече А. иши боюнча тийешелүү жакка каршы А. талабын сунуштоого жана аны колдоого акысы бар. А. жабырлануучунун даттануусу боюнча гана козголуп, тараптардын өзара элдешүүсүнөн кийин токтотулат. Элдешүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болууга тийиш. Жабырлануучу же анын мураскору сот өндүрүшүнүн кайсы маалында болбосун өз А-сунан баштарта алат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда, жабырлануучунун тутунган көзкарашына карабастан, прокурор жекече-жарыя А. иши боюнча кылмыш-жаза ишин козгой берүүгө акылуу. Прокурордун айыптоодон баштартышы жабырлануучунун колдоо укугунан ажыратпайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТОО ӨКҮМҮ – соттолуучу адамдын күнөөсүн аныктай турган өкүм. Соттолуучу адамдын жасаган кылмышы боюнча күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы аркылуу бекемделгенде гана А. ө. кабыл алынат жана ал аргандай жоромолдорго негизделбейт. Сот жазага тартуу жана камактан бошотуу тууралуу А. ө-н кабыл ала турган учурлар: ошол өкүм боюнча соттолгондорду жазадан бошото турган кечирим берүү мунапысы жарыяланса; соттолуучу адамдын алдынала камакта жаткан мезгили сот тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүнө кошулганда. Сот төмөндөгүдөй учурларда жаза чарасы көрүлбөй турган А. ө-н кабыл алат: адам коомчулукка коркунуч туудурбай калганда; камакта жаза мөөнөтүн өтөөгө мүмкүндүк бербей турган оор дартка чалдыкканда; адамды бул кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргенде.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айыбы бар, айыпкер, айыпка тартылган, кылмышкер, Жаш прокурор жай козголуп турду да, мегежиндей айыптууга карады (Токомбаев). 2. Кемчилик кетирип, каталык жиберген, кандайдыр бир ишке жооптуулугу бар. Бул үчүн баарыбыз айыптуубуз (Сыдыкбеков). Иштин токтолуп калышына көбүнчө жумушчулар өзүбүз айыптуубуз (Сасыкбаев).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Штрафные санкции (Penal sanctions) —Предусмотренные договором, документально зафиксированные вид и уровень штрафа, взимаемого с лиц, нарушивших принятые ими условия, обязательства по законодательству. Чаще всего штрафные санкции предусматриваются за несвоевременное выполнение или полное невыполнение заказа, несоблюдение графика работ, низкое качество продукции, товаров, услуг, за нанесение других видов ущерба, убытков.  

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сылыктык, кичи пейилдик иретинде бирөөдон кечирим суроо, өтүнүү маанисинде колдонулат. Айып этпеңиз, Омор аке, азыр сабак учуру (Сыдыкбеков). В.: Айып көрбөңүз. Ак сакал ырдап жатат деп, Айып көрбө келиндер (Токтогул).