сын. 1. Күнөөлүү, кылмыштуу, күнөөсү бар, кылмышкер.
2. Жооптуу, кемчилик кетирип, каталык жиберген. Бул учун баарыбыз айыптуубуз (Сыдыкбеков).
1. Айыбы бар, айыпкер, айыпка тартылган, кылмышкер, Жаш прокурор жай козголуп турду да, мегежиндей айыптууга карады (Токомбаев). 2. Кемчилик кетирип, каталык жиберген, кандайдыр бир ишке жооптуулугу бар. Бул үчүн баарыбыз айыптуубуз (Сыдыкбеков). Иштин токтолуп калышына көбүнчө жумушчулар өзүбүз айыптуубуз (Сасыкбаев).
айыптуулук, айыптуулу гу, айыптуулукка
Айыпкерлик, кылмыштуулук, күнөөлүүлүк.