айып
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Күнөө, жазык, кылмыш. Аз айып, көп күнөөм болсо кечир (Жантөшев). Айыбы чыккан жигиттин узун бою пас болот (макал). Кемчиликти бетке айткандын айбы жок (макал).
2. Кемчилик, каталык. Ырдашында айып жок, Калыпка тартып койгондой (Барпы).
3. Жаза иретинде кесилген мал, дүнүйө, доо; күнөөлүү деп таап, берилүүчү жаза. Ал жолу адилетсиз бий «бекке тил тийгизди деп мага тогуз айып ойлоду (Жантөшев).
♦ Айып этпеңиз же айып көрбөңүз — «кечириңиз», «жаман көрбөңүз» деген мааниде кечирим суроо, сылыктык иретинде колдонулат.