АЙ ДЕСЕ – АРКЫ ЖОК, КҮН ДЕСЕ – КӨРКҮ ЖОК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан сулуу, ашкан сулуу, теңдеши жок. Ай десе – аркы жок, күн десе – көркү жок, бир перизатка жолуктум («Кыргыз эл жомоктору»). В.: Ай десе-ай, күн десе-күн. Мына, ай десең – ай, күн десең – күн, баягы мен айткан апа! (Тойбаев). Мергенчи эртесинде ошол көлгө кызынын бетин жуудурса, жомоктогудай ай десе – ай, күн десе – күн боло чыга келет (Жусупов).