АЙНЕК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАраб тилинде айн сөзү «көз» маанисин берет (АРС, 709). Анткени ал тамганын жазылышы көздүн сүрөтүн элестетет. Ал сөзгө кичирейтүүчү -ек мүчөсүн кошуп, ирандыктар айнек деген сөздү жараткан (ПРС, 354). Ал «көз айнек» маанисин туюнтат. Кыргыз тилине айнек сөзү кабыл алынганда иранчасынан башка мааниси пайда болуп, «терезенин көздөрүнө салына турган шишеден жасалган зат» деген маани берип калган.