АЙДӨШ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаТик эмес, жантайыңкы келип, улам эңиштеп кеткен жерди айдөш дейт. Бул сөз аюу төш деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. Талас говорунда айдөш сөзүнө аюу төш сөзү бирдей мааниде азыр да айтылат. Алгачкы аюу төш деген эки сөз бириккенде, экөө тең өзгөргөн, биринчи сөздүн аягындагы уу созулмасы түшсө, экинчи сөздүн башындагы т тыбышы жумшак д тыбышына өткөн. Натыйжада айдөш деген сөз келип чыккан.