сын. Барган сайын көтөрүнкү, көкүрөк жагы улам өйдөлөп жазыраак тарткан (мис., жер жөнүндө). [Кыштактын] батыш тарабы айдөш тартып, улам көтөрүлө берип, белеске айланып кетет (Таштемиров). Айдөш келген кең талаа (Баялинов).
Тик эмес, жантайыңкы келип, улам эңиштеп кеткен жерди айдөш дейт. Бул сөз аюу төш деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. Талас говорунда айдөш сөзүнө аюу төш сөзү бирдей мааниде азыр да айтылат. Алгачкы аюу төш деген эки сөз бириккенде, экөө тең өзгөргөн, биринчи сөздүн аягындагы уу созулмасы түшсө, экинчи сөздүн башындагы т тыбышы жумшак д тыбышына өткөн. Натыйжада айдөш деген сөз келип чыккан.
Этек жагынан караганда көкүрөк жагы көтөрүңкү келип, жайык тарткан бет. Айдөш келген кең талаа (Баялинов). Сайдын чети бийик жар, кайсы бир жери атайын лыжа тебүү үчүн жаралгандай айдөш («Ала-Тоо»).
слегка отлогий, пологий, слегка покатый;
айдөшү жер отлогое, покатое место.