Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсе менен экинчи нерсенин ортосундагы өзгөчөлүк, айрып, ажыратып кароого мүмкүн болгон белги. Адам менен айбандын Айырмасы сөзүндө (Шүкүрбеков). Жолой үчүн күн менен түндүн айырмасы аз (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Биринен экинчисин ажыратып, айырып кароого мүмкүн болгон өзгөчөлүк, өзгөчөлөй турган сапат же башка белги. Салыштырсаң эки доордун арасын Айырмасы асман, жерден кем эмес (Токомбаев). Ашыр карагер бышты менен шахтадагы аттардын айырмасын көз алдына келтирип ойлонду (Сасыкбаев). Акын менен булбулда айырма жок, Ийилбегин, коноюн, чыксын үнүм (Үмөталиев). Колхоздогу клубдун чоң шаардын театрынан айырмасы жок (Сыдыкбеков). Адам менен айбандын Айырмасы сөзүндө (Шүкүрбеков). 2. Саны, көлөмү ж.б. жагынан алып караганда, бири-бирине барабар келбей тургандыгын көрсөтүүчү белги. Экөөбүздүн жашыбызда айырма жок экен, боюбузда гана айырма бар («Ала-Тоо»). Жолдун кайсынысы жакын, кайсынысы алыс, айырмасын айтыш кыйын («Советтик Кыргызстан»). Бардык короодогу койлордун саны бирдей эле болуш керек, айырмасы жок («Ала-Тоо»). 3. мат. Чоң сандан кичине санды алуудан келип чыккан калдык. Жыйырмадан он экини алсак, айырмасы сегиз болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир өзгөчөлүгү, белгиси боюнча айырмасы бар экендигин көрсөтүү, айырмасын таап ажыратуу, ажырата таануу. Дос, душмандын айырмасын биле жүр, мал аласы сыртында, киши аласы ичинде эмеспи, аны айырмалай бил («Ала-Тоо»). Жоголгон койлоруңдун өңүн-түсүн айырмалап айтып бере аласыңбы? – деп сурап калышты («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А. Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тайкунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот.
      Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат.
      Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл.
      2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар далилдеп турат.
      Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан. Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып-көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу зарыл.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Балдар жыгылбасын үчүн баштарын ача кылып жасап, эки капталынан жиптер менен байлап коё турган ээр айырмач аталат. Алгачкы айыр баш//айры баш деген сөздөр бириккенде, сөздүн аягындагы ш тыбышы ч тыбышына өтүп кетип, айырмач менен айры баш дегендердин тыбыштык түзүлүшү окшошпой калган. Ээрдин айры баш аталганын куш баш ээр же оозеки речте айтыла калчу кучмач ээр деген менен салыштырып билүүгө болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алдындагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын кайчылаштырып, жүк артууга жана жаш балага ылайыктап жасалган ээрдин түрү. Мындай ээрге көчкөндө балдарды мингизет. Басмайыл, кошмок, айырмач, Баланын башы байкалды. («Эл адабияты»). Айырмач токуп, тай мингизген ата бар (Сыдыкбеков). Айырмач токуп малга артып, Кайра көчтү эл шашып (Үсөнбаев). 2. Бакандын эт ж.б. илине турган илгич ачалары. 3. Тамдын, сарайдын чатырынын кайчылаштырып орнотулган, үстүнө рейкаларды кагып, шифер же башка материалдарды калкалап жаба турган жыгачтары.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айырмасы бар экендик; бирдей, окшош болбогондук; башкалардан айырмаланып, өзгөчөлөнүп турган көрүнүш, абал. Айрым бир айырмачылыгын эске албаганда, кийинки макалалардан да ушул эле касиеттерди көрөбүз (Борбугулов). Улуттук айырмачылык.