Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Биринен экинчисин ажыратып, айырып кароого мүмкүн болгон өзгөчөлүк, өзгөчөлөй турган сапат же башка белги. Салыштырсаң эки доордун арасын Айырмасы асман, жерден кем эмес (Токомбаев). Ашыр карагер бышты менен шахтадагы аттардын айырмасын көз алдына келтирип ойлонду (Сасыкбаев). Акын менен булбулда айырма жок, Ийилбегин, коноюн, чыксын үнүм (Үмөталиев). Колхоздогу клубдун чоң шаардын театрынан айырмасы жок (Сыдыкбеков). Адам менен айбандын Айырмасы сөзүндө (Шүкүрбеков). 2. Саны, көлөмү ж.б. жагынан алып караганда, бири-бирине барабар келбей тургандыгын көрсөтүүчү белги. Экөөбүздүн жашыбызда айырма жок экен, боюбузда гана айырма бар («Ала-Тоо»). Жолдун кайсынысы жакын, кайсынысы алыс, айырмасын айтыш кыйын («Советтик Кыргызстан»). Бардык короодогу койлордун саны бирдей эле болуш керек, айырмасы жок («Ала-Тоо»). 3. мат. Чоң сандан кичине санды алуудан келип чыккан калдык. Жыйырмадан он экини алсак, айырмасы сегиз болот.