1. детское седло;
2. развилина;
этти бакандын айырмачына илип кой повесь мясо на сучок бакан'а.
зат. 1. Жаш балдардын ээри. Айырмач токуп, тай мингизген (Сыдыкбеков).
2. Тамдын чатырына жабуу үчүн кайчылаштырып орнотулган жыгачтар.
айырмач (айрымач эмес),
айырмачты
«Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А. Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тайкунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот.
Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат.
Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл.
2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар далилдеп турат.
Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан. Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып-көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу зарыл.
Балдар жыгылбасын үчүн баштарын ача кылып жасап, эки капталынан жиптер менен байлап коё турган ээр айырмач аталат. Алгачкы айыр баш//айры баш деген сөздөр бириккенде, сөздүн аягындагы ш тыбышы ч тыбышына өтүп кетип, айырмач менен айры баш дегендердин тыбыштык түзүлүшү окшошпой калган.
Ээрдин айры баш аталганын куш баш ээр же оозеки речте айтыла калчу кучмач ээр деген менен салыштырып билүүгө болот.
1. Алдындагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын кайчылаштырып, жүк артууга жана жаш балага ылайыктап жасалган ээрдин түрү. Мындай ээрге көчкөндө балдарды мингизет. Басмайыл, кошмок, айырмач, Баланын башы байкалды. («Эл адабияты»). Айырмач токуп, тай мингизген ата бар (Сыдыкбеков). Айырмач токуп малга артып, Кайра көчтү эл шашып (Үсөнбаев). 2. Бакандын эт ж.б. илине турган илгич ачалары. 3. Тамдын, сарайдын чатырынын кайчылаштырып орнотулган, үстүнө рейкаларды кагып, шифер же башка материалдарды калкалап жаба турган жыгачтары.
этиш. Айырмач кылып коюу, жыгачты кайчылаштыра коюу. Айырмачтап коюлган жыгач.
Айырмач кылып коюу, жыгачты кайчылаштырып, айырмач формасына келтирүү. Айырмачтап коюлган жыгачтар.
айырмачта этишинин кыймыл атоочу.
осёдланный детским седлом;
айырмачтуу тай жеребёнок под детским седлом.
сын. Айырмач токулган. Короонун тегерегинде калмакча байлаштырган эркектин аттары, айырмачтуу балдардын тайлары (Жантөшев).
Айырмачы бар, айырмач токулган. Короонун тегерегинде калмакча байланыштырылган аттар, айырмачтуу тайлар (Жантөшев).
ayırmaçılık
tefrik, temyiz, ayrım: fark
айырмачылык, айырма чылыгы, айырмачы лыкка
Айырмасы бар экендик; бирдей, окшош болбогондук; башкалардан айырмаланып, өзгөчөлөнүп турган көрүнүш, абал. Айрым бир айырмачылыгын эске албаганда, кийинки макалалардан да ушул эле касиеттерди көрөбүз (Борбугулов). Улуттук айырмачылык.