АЙЫРМАЧ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБалдар жыгылбасын үчүн баштарын ача кылып жасап, эки капталынан жиптер менен байлап коё турган ээр айырмач аталат. Алгачкы айыр баш//айры баш деген сөздөр бириккенде, сөздүн аягындагы ш тыбышы ч тыбышына өтүп кетип, айырмач менен айры баш дегендердин тыбыштык түзүлүшү окшошпой калган.
Ээрдин айры баш аталганын куш баш ээр же оозеки речте айтыла калчу кучмач ээр деген менен салыштырып билүүгө болот.