Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Чогуу оокат-тиричилик өткөрүп, бирге конуп, бирге көчүп жүргөн, көбүнчө уруусуна, тууган-туушкандыгына карай топтолушкан бир топ үй, бир жерге чогуу үй тигип отурган же орунтук алып жайгашкан анчалык көп эмес эл орношкон пункт. Кызыл-Суунун өйүз-бүйүзү кырка конгон айыл (Жантөшев).
2. сүйл. Кичирээк кыштак, чакан эл орношкон жер. Колхоздун айлы мемиреп, Күн нуру көктөн төгүлгөн (Бөкөнбаев). Мына, өзүбүздүн колхозго да келип калдык, биздин айыл — биздин колхоз (Сыдыкбеков).
Айыл-апа — айыл ичи, айылдаш кишилер, тегерегинде жашагандар. Айыл-апа коңшусун Аппак майга жыргаткан (Тоголок Молдо). Айыл чарба —дыйканчылык, мал багуу сыяктуу чарба иштерин өз кучагына алган эл чарбасынын негизги бир тармагы.
АЙЫЛ II зат. диал. Басмайыл.