айыл I 1. аул; айылы или айлы его аул; бир айыл эл население одного аула; 2. ист. группа юрт близких родственников и их припущенников; арпа чыкпайт таш жерге, айыл болбойт башка элге фольк. ячмень не родится на каменистом месте, не станет (пришелец) соаульцем в чужом роду; аталаш тууган болгон соң, айыл конду Манаска фольк. Манасу он единокровный брат, потому и присоединился к его аулу; чоң айыл ист. 1) большой аул (главенствующий над другими аулами); 2) представитель большого аула; кичине айыл или кичи айыл ист. 1) малый аул (находящийся в подчинённом положении у большого аула); 2) представитель малого аула; сен деле кичине айыл эмес белең? а ты же ведь тоже человек малого аула? айыл-апа см.апа I 5; айыл чарбасы см.чарба 1. айыл II кольцо катаура (см.басмайыл, артайыл).
Iзат.1. Чогуу оокат-тиричилик өткөрүп, бирге конуп, бирге көчүп жүргөн, көбүнчө уруусуна, тууган-туушкандыгына карай топтолушкан бир топ үй, бир жерге чогуу үй тигип отурган же орунтук алып жайгашкан анчалык көп эмес эл орношкон пункт. Кызыл-Суунун өйүз-бүйүзү кырка конгон айыл (Жантөшев). 2.сүйл. Кичирээк кыштак, чакан эл орношкон жер. Колхоздун айлы мемиреп, Күн нуру көктөн төгүлгөн (Бөкөнбаев). Мына, өзүбүздүн колхозго да келип калдык, биздин айыл — биздин колхоз (Сыдыкбеков).
♦ Айыл-апа — айыл ичи, айылдаш кишилер, тегерегинде жашагандар. Айыл-апа коңшусун Аппак майга жыргаткан (Тоголок Молдо). Айылчарба —дыйканчылык, мал багуу сыяктуу чарба иштерин өз кучагына алган эл чарбасынын негизги бир тармагы.
АЙЫЛIIзат. диал. Басмайыл.
1. Көчмөн турмуштагы бир нече үй-бүлөнүн бирге конуп, бирге көчүп, бири-бирине жамаатташ жашаган тобу. Андагы заман курусун Айылды айыл чабышкан (Маликов). Келип түштү Солтобай Кулжыгачтын айлына («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Калк жашаган жер; кыштак. Кары-жашы калбастан, айылдагылар көчөт отургузууга киришти (Убукеев). Келчи, курбум, келчи биздин айылга (фольк.).
«население аула» (Юдахин 1965:60). Мындагы апа компонентинин төркүнү оба деген байыркы төл сөзүбүзгө барып такалат. Ал 1. племя, род; 2. войлочная юрта кочующих племен; 3. семья кочевника; 4. местожительство племени деген сыяктуу маанилерди билдирген (ЭСТЯ 1974:400).
АЙЫЛБАШЫ – КР мыйзамдары боюнча, тийешелүү аймак жашоочуларынын макулдугу менен айылдык жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысы болуп дайындалган КР жараны. А. кызмат орду айыл өкмөтүнүн эмгек акысынын чегинде, айыл жана кыштык кеңештеринин чечими боюнча өзалдынча жайгашкан калктуу жайлардын жергиликтүү иштерин ыкчам башкарууну уюштуруу максатында киргизилген. А. калк жашаган жайлардын аймактык өзгөчөлүгү менен карманган каада-салттарын эске алуу менен, айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарат.
этиш. Айылчылоо, мейман болуп келүү, экинчи бир айылга же үйгө мейман болуп баруу. Аралап элден кыз издеп, Келип калдык айылдап («Олжобай менен Кишимжан»).
Айылчылоо; айыл кыдырып, үй-үйлөргө кирип конок болуу. Курма алыскы айылдагы бир тууганынын үйүнө айылдап кеткен (Каимов). Аргымак оозун чойдуруп, Алтын медаль Айшага, Айылдап барар бекенбиз (Осмонов).
айылдык I 1. уст. аульный; 2. сельский; айылдык совет сельский совет. айылдык II отвл. отайыл I; чоң айылдык положение главенствующего аула или представителя такого аула; сенин чоң айылдыгың калган твоя власть кончилась.
сын.1. Айылга, кыштакка таандык. Абдылда менен Ракыя ушул кыштактагы айылдык мектепте бирге окушкан (Байтемиров).
2. Айылда жашаган; бир айылдан. Айылдык жигит. Биздин айылдык киши.
1. Айылга, кыштакка таандык; элеттик. Абдылда менен Ракыя ушул кыштактагы айылдык мектепте бирге окушкан (Байтемиров). Сезгендей элдин тобун келаткандар, Бир даары башка айылдык чоочун балдар (Осмонов). 2. Белгилүү бир айылда жашаган. Айылдыктардын арасынан да мыктылар чыгат экен го («Кутбилим»).
АЙЫЛ ЖЫЙЫНЫ – айылдык админстративдик-аймактык бирдиктин (айылдын, кыштактын, элеттеги калктуу конуштун бир бөлүгүнүн, элеттеги калктуу конуш тобунун) чөлкөмүндө жашаган жарандардын жалпы чогулушу. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бир таризи.
АЙЫЛЧАРБАГА АРНАЛГАН ЖЕР – айыл чарбасынын керектөөсү же ошол максатка арналган жерлер. А. а. ж-дин катарына айыл чарба айдоо жерлери, ички чарба жолдору, айылчарба иши үчүн зарыл болгон байланыш, көлмө, курулуш, имарат ж. б. чукул жайгашкан жерлер да кирет.
АЙЫЛЧАРБА ЖЕРЛЕРИ – айылчарба азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн арналган, берилген, кодонулган жер участоктору, тактап айтканда: айдоо аянттары, эсалдырылган жер, көп жылдык мөмө бактары отургузулган бакча, чабындылар, жайыттар.
АЙЫЛЧАРБА КООПЕРАТИВИ – жамаат мүчөлөрүнүн экономикалык ж. б. кызыкчылыгын канагаттандыруу максатында, алардын акчалай бааланган мүлктүк үлүштөш салымдарын бириктирүүгө негизделген бирдиктүү өндүрүш же дагы башка чарбачылык иштерин жүргүзүү үчүн айылчарба товарын өндүрүүчүлөрдүн ыктыярдуу бирикмеси.
АЙЫЛ ЧАРБАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЭЛАРАЛЫК ФОНДУ (АЧӨЭФ ) – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн айылдын жакыр калкына багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жолу менен кошумча каражаттарды тартуучу БУУнун адистештирилген мекемеси. 1977-жылы уюштурулган.
Индекс цен реализации сельскохозяйственной продукции (Producer Price Index on Agricultural Products) —Показатель исчисляющийся по группам однородной продукции. Индексы цен отражают изменение стоимости реализованной продукции вследствие изменения цен на нее в отчетном периоде по сравнению с базисным и исчисляются исходя из объемов продукции, реализованной в отчетном периоде, и цен реализации отчетного и базисного периодов.
АЙЫЛЧАРБА ТОВАРЫН ӨНДҮРҮҮЧҮ – айылчарба азык-түлүктөрүн чыгаруу менен алектенген жеке же юридикалык жак; өз ишин юридикалык жак түзбөй туруп жүргүзгөн дыйкан чарбалары (фермердик чарбалар) менен юридикалык жактардын өндүргөн товарынын жалпы көлөмү 50 пайыздан ашыгын түзүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жак.
1. любитель ездить по чужим аулам с целью получить угощение; айылчынын аягы ашта-тойдо тыйылат погов. ноги айылчы успокаиваются (только) на поминках и на пиру (там-то он сидит); 2. сплетница (женщина, которая собирает и разносит по аулам всякие сплетни); асыранды баланы айылчы катын чыгарат погов. приёмыша (от которого хотят это скрыть) выдаёт сплетница; 3. перен. лодырь, бездельник.
этиш. Мейман катарында башка айылга, башка үйгө баруу, айыл кыдыруу. Сулай эне мындан үч күн мурун алыс бир колхоздо турган инилериникине айылчылап кеткен (Таштемиров).
Айылга же тааныштардын, жакын адамдардын үйлөрүнө меймандап, айылдап баруу. Жылдызкан үйдө жалгыз. Энеси айылчылап кеткен (Байтемиров). Сулай эне мындан үч күн мурун алыс бир колхоздо турган инилериникине айылчылап кеткен (Таштемиров). Ат болбосо экөөбүз Айылчылар күн кана? (Токтогул). Айрымдары каникул убагында эс алуу үчүн жайлоого тааныштарына айылчылап жөнөшөт (Бейшеналиев).