Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫЛЧАРБА ТОВАРЫН ӨНДҮРҮҮЧҮ – айылчарба азык-түлүктөрүн чыгаруу менен алектенген жеке же юридикалык жак; өз ишин юридикалык жак түзбөй туруп жүргүзгөн дыйкан чарбалары (фермердик чарбалар) менен юридикалык жактардын өндүргөн товарынын жалпы көлөмү 50 пайыздан ашыгын түзүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жак.