Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде айьщ сөзү «ушак», «имиш сөз» дегенге жакын мааниде айтылат. Ал ай + ың деген морфемалардан турат. Уңгусу ай байыркы кезде айт деген маани берген, ага этиштен атооч сөз жасоочу -ың мүчөсү жалганып, айың «ушак» маанисиндеги сөз келип чыккан (ДТС, 29).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ушак сөз, бирөөнү жаман аттуу кылып айтылган ар кандай кеп-келеч. Айыл-ападагы айың кептерди Асанакун баамдабай кое албады (Эсенканов). Чоң жинди экен анык деп, Кара калмак, манжуу журт, Айың кылып жүргөнү («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Божомолду болгон деп, укканын көргөм деп ар нерсени көбүртүп-жабыртып айта бергенге маш адам; ушакчы. Айыңчылардан сестенип, Чагынов эл көзүнө урунуш үчүн, ары райондон келүүчү өкүлдөрдү акмалап, кеңсеге тушташ дарбазасынан чыкты (Турсунов).