Толковый словарь кыргызского языка. 2015
айкалыш этишинин аркылуу мамилеси. Бири-бирине дал келтирүү, ымылалаштыруу, жуурулуштуруу, ыкка келтирүү, жарашыгына ылайыкташтыруу. Алыкул ошондо эле адамдын ички Жан дүйнөсүн ачкан, адам менен табигат байланышын айкалыштыра жазган акын экен (Турсунов). Кыз кезинин керемет сулуулугуна назиктик менен жароокерликти жараштыра айкалыштырып алыптыр (Станалиев). Ал педагогикалык тарбия менен улуттук искусствону айкалыштырып иштөөдө зор тажрыйбага ээ болду («Кыргызстан аялдары»).