и. д. от айда-
1. мал айдоо выгон скота, прогон скота;
2. изгнание, высылка; гонение;
айдоодо жүргөндө когда он был в изгнании, когда он был в ссылке;
3. пахота, вспашка;
жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын я хочу закончить пахоту, пока не засохла земля;
айдоо аянттары посевные площади;
4. вспаханное поле;
кара айдоо свежевспаханное поле;
турмуштун айдоосу менен под давлением жизненных обстоятельств.
I зат. Айдалып коюлган же айдалып эгин себилип коюлган жер. Келатып айдоо бойлоп көзү чалды Тердиктей ала болуп калган солун (Турусбеков). Айкөлдүн кара талаасы Карарган айдоо болуптур («Манас).
АЙДОО II зат. Башка жакка жер оодарып жиберилген жаза, сүргүн. Айдоодо жүрүп Токоңдун Күндөрү өткөн сандалып (Токтогул).
АЙДОО III айда этиштеринин кыймыл атоочу.
айдоо (эгинди)
айдоо аянты
айдоо жер
Айдалган же айдап, эгин же башка өсүмдүктөр эгилген жер. Жайлоонун көркү мал экен, Айдоонун көркү дан экен (Нуркамал). Айкөлдүн кара талаасы Карарган айдоо болуптур («Манас»).
Башка жакка жер оодарып, айдап жиберүү жазасы, сүргүн. Артымда солдат кужулдап, Айдоого кетип барамын (Токтогул).
айда I этишинин кыймыл атоочу. Эртең Суусамырга мал айдоом керек («Ала-Тоо»).
айда II этишинин кыймыл атоочу. Быйыл канча гектар кызылча айдоо керек? («Ала-Тоо»).
зат. Чабылуучу күлүктөрдү коё бериле турган марага жеткирүүчү киши. Күлүккө жеңдей-жеңдей балдар минип, Айдоочтор жолго салып ыкчамдады (Маликов).
АЙДООЧ, КОНВОЙ (гол. konvooi – куралданган отряд) – кармалгандарды, соттолгондорду жана согуш туткундарын баруучу жерлерине айдап баруу үчүн камдалган куралдуу күзөт.
1. тот, кто гонит; погонщик;
2. этн. погоняльщик на конских скачках (при скачках на большие расстояния по пути следования на определённых дистанциях ставились специальные всадники, которые должны были, облегчая работу наездника, подбадривать его коня выкриками и плетью);
3. (в соединении с определяемым) сеятель; сеющий;
пахта айдоочу республикалар хлопкосеющие республики;
кызылча айдоочу райондор свеклосеющие районы.
1. Байгеге кошулган аттарды жерине чейин алып барып коё берүүчү адам. Ат айдоочу камдатып, Атты айдатты чаңдатып (Тоголок Молдо). 2. Арабага, сокого ж.б. чегилген атты башкарып айдап жүрүүчү адам. Ушул шахтада ат айдоочу болуп көп жыл иштегенмин (Сасыкбаев). 3. Транспортту (автомашина, самолёт ж.б.) же кыймылга келип, ордунан жылуучу техниканын түрлөрүн айдап башкарган, жүргүзгөн адам. Чөнтөгүндө айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты (Макенбаев). Айдоочунун жанында отурган тибеттик жигит артка кылчайды (Акматов). Машина айдоочу. Кеме айдоочу. Колхоздун механик-айдоочусу. 4. Тоонун мергендерге кийикти чубатып берүүчү табигый ыңгайлуу жери. Айдоочуда аңдып жатканы дагы бирин атып алды (Жантөшев).
АЙДООЧУНУН КҮБӨЛҮГҮ – адамдын унаа каражатын башкаруу укугун бышыктоочу документ. КР аймагында айдоочунун КР эларалык келишимдеринин талаптарына жооп берген эларалык жана улуттук А. к. жарактуу. А. к-н алуу үчүн кесиптик сынактарды тапшыруу зарыл.