Киргизско-русский словарь Юдахина
1. лунный свет; место, освещённое лунным светом;
айдыңга салып кырман сапырдым я веял хлеб при лунном свете;
2. лучезарность; величавость;
айдыңынан ай коркот, күлпөңүнөн күн коркот фольк. его лучезарности боится солнце, его блеска боится луна;
айдың көл зеркально чистое озеро;
айдың-айдың көлдөрдүн аяктай суусу калбады стих. в зеркально чистых озёрах не осталось (и) чашки воды;
айдың талаа безлюдная ровная степь.
айдыңдуу лучезарный; величавый.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Айдын жарыгы, жаркын; айдын жарыгы түшүп турган жер. Айдыңга салып кырман сапырдым.
2. Кен, жайык, мелтиреген, чалкар; даңгыл. Тетиги айдың сары талаада, Мен беттешип көрөйүн («Манас»). Ак кардын суусу кошулса, Айдың көл шарпып толкуйбу («Олжобай менен Кишимжан»). Ак-Сайдан жөнөп калышты, Айдың жолго салышты (Тоголок Молдо).
3. Атак, даңк, айбат, сүр. Элин жоого алдырбас, Айдыңы даңктуу колсуңар («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айдын жарыгы. Айдыңга салып кырман сапырдым. 2. Кең, жайык, мелтиреген ээн. Нөшөрлөп жааган жамгырда айдың талаада жатып калган күндөрү көп болду (Бөкөнбаев). Ак зоонун алды жайыкта, Айдың чалкар көлдү эстейм (Маликов). Айланып казы кетпеген, Айдың чалкар көл кайда? («Олжобай менен Кишимжан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Атагы алыска кеткен, даңктуу; айбаттуу, сүрдүү. Ала-Тоодо айдыңдуу, Ак калпак кыргыз элим сен (Токтогул). «... Менин Нурматыма... кызын бербесе, таарынбасын деп [Мамат кор башынын] коркуткан айдыңдуу сөзү (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙДЫҢ-КӨЛ — топоним. Эпосто учураган А.-К. аттуу чакан көлдөр негизинен Алтай аймагына туура келет. Суусу тунук, айланасы кооз, мал-жанга ыңгайлуу болгондуктан, көл жээги айыл-апага толуп, той-тамашага батып, «ар-кайсынысы өз ураанын чакырчу».
 Манас кан көтөрүүлгөндө Жакыптын айлы А.-К-дүн жээгине конуп той өткөргөн. (Сагымбай Орозбаков, 1. 232, 261).
Манас кан көтөрүүлгөндө Жакыптын айлы А.-К-дүн жээгине конуп той өткөргөн. (Сагымбай Орозбаков, 1. 232, 261).