Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир заматта, көз ачып жумганча, дароо, өтө тез, арыдан-бери. Айта-буйта дегиче, Эр Бакайдын жанына Чаап чыгьт барышты («Манас»). Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумганча, Алып жетип барайын («Эр Төштүк»). Айта-буйта дегиче, Антаңдап шашып Карачач, Айчүрөккө барды эле («Сейтек»). В.: Ана-мына дегиче. Ана-мына дегиче, Ачып көздү жумганча, Айлына жетип келгени («Эр Төштүк»). Андай-мындай дегиче, Кумурска жайнап кетти эле («Эр Төштүк»). Андай-мындай дегиче, ачып көздү жумганча.Андай-мындай дегиче. Андай-мындай дегиче, ачып-көздү жумганча мерчемдүү жерге барыптыр, айтылган Жаман-Аскада аркарлар туруп калыптыр (Медетов).