айкүр Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Чүкөнүн таа жагына карама-каршы жагы, чүкөнүн жылмараак жагынан конгон абалы, алчы. ..сакаларынын айкүрүнөн жанбаганына таң калышар эле («Советтик Кыргызстан»).
АЙКҮР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Чүкөнүн таа жагына карама-каршы келген кыры, алчы жагы. Айкүр конгон чүкө. Айкүр конуу.
АЙКҮРЛӨН Толковый словарь кыргызского языка. 2015 өт. Койкоюу; кырданып кайкалап бой көтөрүү. Ак көйнөк кийсе ак сумке кармап, Айкүрлөнгөн айымдар канча (Тургунбаев).
айкүрчүл Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Көбүнчө айкүр конуучу, алчы жагы менен түшүүчү (чүкө же сака жөнүндө).
АЙКҮРЧҮЛ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Айкүр конмо, көбүнчө айкүр турма (чүкөгө, сакага карата). Айкүрчүл сака.