Iзат.1. Колго багылган жана жапайы (көбүнчө жырткыч) сүт эмүүчү жаныбарлар. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»). Айбан эңкейсе, жер үрпөйөт (макал). Айбан аласы сыртында, адам аласы ичинде (макал).
2.өт. Адамгерчилиги жок, мүнөзү жаман, орой; ырайымсыз, таш боор. Айбан эмей эмне, Адамчылык кылбаса (Тоголок Молдо). Теңир урган Чонтойдун Жоругу айбан малда жок (Тоголок Молдо).
АЙБАНIIзат.1. Үйгө жанаштыра салынган, көбүнчө калканчы бар аянтча, секиче, бастырма. Токтор менен Култай айбанда отурган эле (Абдукаримов).
2. Калканч. Башында айбаны тар шапке (Абдукаримов).
1. Бакма жана жапайы жашаган төрт аяктуу жаныбарлардын жалпы аты. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»), Кабылан, жолборс, карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). Үй айбандары. Жапайы айбандар. 2. өт. Мүнөзү жаман, адамгерчилиги жок, орой, ырайымсыз, наадан (кишиге карата). Айбандын ойрон кылып жаткан жайын, Берлинге улам жакын калган сайын (Осмонов). Жеткен айбан экенсиң го («Ала-Тоо»).
зат. Жалпы эле айбандар (1-маанисинде). айбандарга карата берилген жалпы ат. Айбанат тоолуу жердин көркү (Бейшеналиев). Жарганаттын жүнү жок, Айбанаттын тили жок (Токтогул).
Адамдан башка жан-жаныбарлардын, канаттуу куштардын жалпы аты. Айбанаттын эң чоңу Пилден козгоп сайрады (Тоголок Молдо). Айбанаттар жай алар Ак чаңгыл тоонун адырын («Семетей»).
АЙБАНБОЗ — Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактардын соңунан кууп келген кытайларга каршы согушка А-ду минип кирүүгө мажбур болот. А. Манасты көтөрө албай Коңурбайдын көп колунун курчоосунда калат. Эпосто бул мотив аркылуу А-дун тулпарлык касиетинин начардыгы, Манасты Аккула менен Тайбуурулдан башка ат көтөрө албастыгы көрсөтүлгөн.
АЙБАНБОЗ — Айкожонун тулпары. Валиханов жазып алган эпизодбоюнча Көкөтөйдүн ашында «Айбанбоздой күлүк ат» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 78-б.) алып келип чапсын деп айтылат.
1. Айбанга таандык сапаттар, касиеттер. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың («Эр Табылды»). 2. Адамкерчилиги жоктук, наадандык. Көрдүңөрбү, агалар? Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»). Өлөрүн өзү билбеген Айбандык жайы дагы бар («Манас»).
южн.то же, чтосарайван I; алмурут, айбансары, долоносу - ар жерде тиккен өңдүү колдон тандап стих. (дикие) груши, айбансары, боярышник везде как на подбор руками посажены.