суровость, грозный вид; ярость;
доңуз айбат или чочко айбат показная храбрость.
айбаттан- иметь грозный, суровый вид; выглядеть гроза-грозой; разъяриться;
айбаттанып күркүрөп, кезене чапты Алакең фольк. разъярившись, (богатырь) Алаке (Алмамбет) яростно ринулся прямо (на врага);
айбаттанып көрүнсө казылган терең көргө окшоп фольк. если (богатырь) покажется в своём грозном виде, он подобен глубоко вырытой могиле.
зат. Кайрат, каар, сүр. Өзүбүз айбат кылбасак, Ким бизди кимден коргомок (Турусбеков). Арстан Манас баатыры Айбатын салып айкырып («Манас»). Алмамбет келип калыптыр Айбаты алгыр жолборстой («Манас»).
Бирөөнүн кол салышына, өкүмдүк, зордук кылышына каршы көрсөтүлгөн кайрат, каршылык. Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө, Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Айбаты бар жигиттин, Атагы калат артында (Токтогул). Доңуз айбат к. доңуз.
этиш. Сүр көрсөтүү, айбат көрсөтүү, айбат кылуу. Айбаттанып акырып, Аскердин алдын жапырып («Манас»). Арстандай болгон баатырлар Айбаттана калды дейт (Аалы).
айбаттан-, айбаттанба-,
айбаттанган
йбат көрсөтүү, айбат кылуу. Айбаттанып айкырып Аскердин алдын жапырып («Манас»). Элемандын Төштүгү Айбаттанып сүксөйдү («Эр Төштүк»).
айбаттан этишинин аркылуу мамилеси.
айбаттан этишинин кыймыл атоочу.
айбаттан этишинин кыймыл атоочу.
грозный, суровый (по виду).
сын. Сүрдүү, каардуу. [Балдар].. тигил берендей ормойгон айбаттуу карынын сүрүнөн чочулашты (Сыдыкбеков). Ажыдаардай айбаттуу, Анык жолборс кайраттуу («Курманбек»).
грозный (внушающий страх)
Сүрдүү, айбаты күчтүү, айбаты катуу. Балдар тигил берендей ормойгон айбаттуу карынын сүрүнөн чочулашты (Сыдыкбеков). Ажыдаардай айбаттуу Арстандай кайраттуу («Манас»).
зат. Сүрдүүлүк, каардуулук.
Айбаты күчтүүлүк, кайраттуулук, сүрдүүлүк. Айбаттуулугуң ашынып, айласыз баатыр болуп кетмей адатың да бар эмес беле («Чалкан»).