Киргизско-русский словарь Юдахина
1. великодушный, благородный (один из положительных эпитетов эпического богатыря, гл. обр. Манаса; одно из существующих объяснений этого эпитета: ай луна, көл озеро);
айкөл - чалкар көл сыяктуу кең киши широкий (великодушный, благородный), как огромное озеро, человек (см. чалкар 2);
айкөл султан Манас фольк. великодушный султан Манас;
2. южн. нагрудные женские украшения из бус;
айкөл салыш- выказать друг другу неприязнь, недружелюбие; вступить в драку.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙКӨЛ — Манастын жеке өзүнө гана колдонулган туруктуу эпитетинин бири: «Алмамбетке көп айтып, Айкөл Манас бек айтып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 149), «Дууга кирди Манас шер, Аты кызыр кырк чилтен, Айкөл эрдин жолдошу» (Саякбай Каралаев, 1. 95), «Карааны Семетей турат аманат, Ашылбас аскар бел элең, Айкөлүм Манас ала жат!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 40). А. Манастын адилет, ак көңүл, кең пейил, баарын көтөргөн, баарына чыдаган сапаттарын чагылдырып, арыстан, көк жал, төрө, канкор сыяктуу эпитеттер менен бирге эпосто абдан арбын жолугат.
Ж. Төлөев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ак көңүл, адилет, кең пейил (көбүнчө Манаска карата колдонулуучу туруктуу оң эпитет). Кыргыздын түпкү атасы айкөл Манас шер болгон (Осмонкул). Асылдан калган айбатым, Боз ала тарткан болпоңум, Белгилүү айкөл көк жалдан Белекке калган чолпонум («Семетей»). Айкөлдүгү Манас бабам өңдөнүп, Мээрими да Күн нурундай төгүлдү (Акматалиев). 2. диал. Кыздардын мончоктон тизип жасалган, кооздук үчүн көкүрөккө тагына турган буюму, жасалгасы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«АЙКӨЛ МАНАС» — ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков, музыкалаштырган композитор К. Молдобасанов.
«Айкөл Манас». Спектаклден бир көрүнүш (1990).
«Айкөл Манас». Спектаклден бир көрүнүш (1990).
«Айкөл Манас» драмасынын негизги өзөгүн Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары түзөт. Биринчи бөлүм Көкөтөйдүн ашы, андагы шаан-шөкөттөр жана салттык мелдештер (Кошой менен Жолойдун күрөшү), кытай-калмактар байгеге байланыштуу чыгарган чатак, Нескара менен Коңурбайдын кол курап келип кыргыздарды чаап алабыз деп кетиши менен аяктайт. Экинчи бөлүм Манас кыргыз уруу кандарын өзүнүн айланасына баш коштуруу аракети менен башталат. Алты кан Манаска биригип, калгандары ынабай коюшат. Драманын бул бөлүгү негизинен согуш окуяларын сүрөттөөгө арналат. Чоң казат башталып, Капканын кара тоосундагы согуш Манастын жеңиши менен аякталат. Бирок, Коңурбай амал менен Манасты жарадар кылат. Манастын белгилүү чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек окко учат. Жаралуу болуп Таласка келген Манастын дүйнөдөн кайтышы менен экинчи бөлүм бүтөт. Драмадагы баатырдык, патриоттуулукка байланышкан негизги идея менен бирге адамкерчиликти жогору баалап, акылмандыкты даңазалаган, чебер уз, сарамжалдуулукту үлгү катары көрсөтүп, калыстыкты, карапайымдыкты мактаган жана башкалар элдик идеал түшүнүктөр кеңири баяндалат. Драманын башкы каарманы — Манас. Анын ролун артист К. Досумбаев, А. Жолдошев аткарган. Досумбаев түзгөн Манас — чексиз баатыр, жөн билги уюштуруучу, калыс, акылман жетекчи. Ошон үчүн ал элден чыккан эрлерди айланасына топтоп, душмандарына каршы күрөшөт, жоосун жеңип, мекенин баскынчылардан коргойт. Бул зор маанилүү, адилет күрөштө Манас жалгыз эмес, анын күчү элден чыккан жакын жардамчыларында, жалпы элге таянгандыгында. Спектаклде акылман, калыс кары Бакай (С. Жумадылов, К. Табалдиев), алп Кошой (А. Осмонов), Чыйырды (К. Дулатова. Н. Исмаилова), акылман, чебер уз Каныкей (М. Далбаева, Ш. Алсеитова, А. Сыдыгалиева), Арууке (С. Мырзагалиева), билими, өнөрү менен таанылган Алмамбет (И. Эшимбеков), карандай күчтүн ээеи Чубак (Ч. Думанаев), жаш баатыр, эпчил Сыргак (Э. Бекболиев), Серек (Ү. Мурадилов), Айдар (М. Алышбаев), Кыргылчал (А. Мураталиев, А. Усупбеков), Тазбаймат (Р. Жунусов), Коңурбай (Т. Бердалиев), Нескара (М. Асанбаев), Жолой (А. Жолдошев) жана башкалар көптөгөн каармандар бар. Драмадагы согуштук сценалардагы чабыштарды Кара-Калпак АССРинин эмгек сиңирген артисти, Ташкендеги А. Островский атындагы Театр жана сүрөт институтунун доценти А. Исмаилов койгон.
Ж. Сагынов