АЙКӨЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ак көңүл, адилет, кең пейил (көбүнчө Манаска карата колдонулуучу туруктуу оң эпитет). Кыргыздын түпкү атасы айкөл Манас шер болгон (Осмонкул). Асылдан калган айбатым, Боз ала тарткан болпоңум, Белгилүү айкөл көк жалдан Белекке калган чолпонум («Семетей»). Айкөлдүгү Манас бабам өңдөнүп, Мээрими да Күн нурундай төгүлдү (Акматалиев). 2. диал. Кыздардын мончоктон тизип жасалган, кооздук үчүн көкүрөккө тагына турган буюму, жасалгасы.