Толковый словарь кыргызского языка (1969)
II: ай-аалам — бүт дүйнө, жер
жүзү. Кетти атагың ай-ааламга таралып (Тоголок Молдо).
АЙ III: ай талаа — ээн, эл жашабаган жер, ээн талаа. Ай далы — далынын үстү.
АЙ IV сырд.1. Көңүл бурдуруу, тескөө максатында, кайрылуу, иретинде колдонулуучу кыйкырык. Ай, Акия, тынч олтур! (Сыдыкбеков). [Орусбек] кой-айды укпай ээлигип жөнөйт (Сыдыкбеков). Курбум ай!.. Кандай шайыр биздин кыздар, Мисалы, колхоз кызы Бүбүяны ал (Турусбеков).
2. Таң калгандыкты, кубангандыкты, шаттангандыкты билдирүүдө колдонулат. Ой бали ай, ашыклыктын ана күчү! (Осмонов). Койчу кыйкырат: «Пай-пай, Азаматтын жүрөгү ай!» (Борбугулов).
3. Өкүнгөндүктү, чочугандыкты, кейигендикти билдирүүдө колдонулат. Ай, ким билет, ишенбей калдым сага (Байтемиров). Кичинекей кыз коркуп кетип:Энеке ай!деди (Сыдыкбеков). Балдардын билбестиги ай! (Сыдыкбеков).