этиш. Аябай эрегишүү, өчөшүү, өчөгүшүү, кырчылдашуу. Ай-жылдап, айыгышып кармашууга Аябайм, айлым, сенден бардык күчүм (Маликов). Кабыл да кашайып айыгышып алды (Элебаев).
Өчөгүшүү; эрегишип касташуу, өжөрлөнө каршылашуу. Кабыл да кашайып айыгышып алды (Элебаев). Ошондон тарта тигилер айыгышып калышат (Байтемиров). Жатактын сырттанына айыгышпай, Кызыл чок жолу менен кетсе кантет (Турусбеков).
айыгыш этишинин аркылуу мамилеси. Ошентип Орой ага ак көңүлү менен Акбейил жеңени мактап коём деп, Чыргоо жеңени Акбейил жеңеге айыгыштырды да койду (Убукеев).